Редакцияот 25.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 25-августу № 24/15

 

Муниципалдык обьектилерге капиталдык ремонт жасоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 25-августундагы отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы токтом кылат:

1. Ала-Бука айыл аймагына караштуу №2 “Жоогазын” мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратындагы авариялык абалды калыбына келтирүү үчүн №2265 “ Кеңеш” шайлоо округунун 3111-беренесине бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен 3966406 сом акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2. Капиталдык ремонтко көзөмөл жүргүзүү, айыл өкмөтүнүн курулуш бөлүмүнүн башкы адиси И.Юлдашевге милдеттендирилсин.

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

 

   Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.