АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 25-августу № 24/17
Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 1-пунктуна ылайык Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарба боюнча башкы адиси К.Юлдашевдин сунушун карап чыгып, айылдык кеңешинин агрардык маселелер, СПА суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 4-августунда өткөрүлгөн отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл аймагына караштуу Достук айылынын 1978-1989-жылы туулган балдардын жазган арыздарынын негизинде бош жаткан жерлерден жер тилкесин аныктап чыгып, Достук айылында жашаган турмуш шарты оор эки үй-бүлөгө жеке менчик турак үй куруу үчүн калктуу конуштардын башкы планына ылайык 0,04га жер тилкелери бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн жер тилкелерин мыйзамдаштырып берүү, айыл өкмөтүнүн жер
жана айыл чарба боюнча башкы адиси К.Юлдашевге жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин агрардык маселелер, СПА суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |