Редакцияот 25.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 25-августу № 24/18

 

Ала-Бука айыл аймагындагы бош жаткан жерлерди өз алдынча өздөштүрүү максатында пайдаланып келе жаткан жерлердин ченемдик баалардын наркын өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарба боюнча башкы адиси К.Юлдашевдин сунушун карап чыгып, айылдык кеңешинин агрардык маселелер, СПА суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 4-августунда өткөрүлгөн отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы токтом кылат:

1. Ала-Бука айыл аймагындагы бош жаткан жерлерди өздөштүрүп келе жаткан жарандардын 1-сотых жеринин 20 сомдук наркын 200 сомго көтөрүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

 

   Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.