Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 25-августу № 24/19
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн “Мамлекеттик фондунун” жерлеринин жер салыгынын коэффициентине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарба боюнча башкы адиси К.Юлдашевдин сунушун карап чыгып, айылдык кеңешинин агрардык маселелер, СПА суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 4-августунда өткөрүлгөн отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн “Мамлекеттик фондунун” жерлеринин салык коэффициентин жерледин өндүрүмдүүлүгүнө жараша 10-20-30-40- пайызга көбөйтүлгөн ижара акысын белгилөөгө макулдук берилсин.
2. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |