Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 27-декабрындагы № 3-1
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Нарын облустук өнүктүрүү фондусуна даярдалган долбоорлорду бекитүү жана өздүк салымдарды бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдын 34-беренесине ылайык жана Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ы.Мөндүрбаеванын, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Нарын облустук өнүктүрүү фондусуна даярдалган төмөндөгү долбоорлор жактырылып, бекитилсин;
2. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан даярдалган төмөндөгү долбоорлордун өздүк салымдары жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин;
2. Долбоорлорду тийиштүү тараптарга тапшырууну Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү камсыз кылсын.
№ | Долбоордун аталышы | Долбоор боюнча өздүк салымдын суммасы | Долбоордун жалпы суммасы |
1 | “Ат-Башы-Тазалык” муниципалдык ишканасына таштанды чыгаруучу техника алуу | 1 270 000 | 6 350 500 |
2 | “Ат-Башы-Тазалык” муниципалдык ишканасына манипулятор техникасын алуу | 1 072 600 | 5 363 000 |
3 | “Ат-Башы-Тазалык” муниципалдык ишканасына суу себүүчү техникасын алуу | 544 950 | 2 724 750 |
4 | Ак-Жар айылында салынып жаткан спорт комплекстин курулуш ишин улантуу | 8 200 000 | 40 750 000 |
| ЖАЛПЫ: | 11087550 | 55188250 |
Төрага | У. Мелис уулу |