Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 27-декабрындагы № 3-2
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Ат-Башы райондук өнүктүрүү фондусуна даярдалган долбоорлорду бекитүү жана өздүк салымдарды бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдын 34-беренесине ылайык жана Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ы.Мөндүрбаеванын, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Ат-Башы райондук өнүктүрүү фондусуна даярдалган төмөндөгү долбоорлор жактырылып, бекитилсин;
2. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан даярдалган төмөндөгү долбоорлордун өздүк салымдары жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин;
3. Долбоорлорду тийиштүү тараптарга тапшырууну Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү камсыз кылсын.
№ | Долбоордун аталышы | Долбоор боюнча өздүк салымдын суммасы | Долбоордун жалпы суммасы |
1 | Ат-Башы айылындагы “Аттын башы” монументин реконструкциялоо | 1 774 233,6 | 8 871 168 |
2 | Микроавтобус алуу
| 500 000 | 3 000 000 |
| ЖАЛПЫ: | 2 274 233,6 | 11 871 168 |
Төрага | У. Мелис уулу |