Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 27-декабрындагы № 3-5
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын дем берүүчү (үлүштүк) грантына даярдалган долбоорду бекитүү жана өздүк салымын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдын 34-беренесине ылайык жана Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ы.Мөндүрбаеванын, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын дем берүүчү (үлүштүк) грантына даярдалган “Ача-Кайынды айылындагы бала бакчанын балдар ойноочу аянтчасынын кире беришин ремонттоо” долбоору жактырылып, бекитилсин;
2.“Ача-Кайынды айылындагы бала бакчанын балдар ойноочу аянтчасынын кире беришин ремонттоо” долбоору үчүн 600245 (алты жүз миң эки жүз кырк беш) сом акча каражаты Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджетинин эсебинен өздүк салым катары бөлүнүп берилсин;
3.Долбоорду тийиштүү тарапка тапшырууну Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү камсыз кылсын.
Төрага | У. Мелис уулу |