Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры № 1/1
Бириктирилген Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттардын төрагасын жана орун басарын шайлоо жыйынтыктары жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен токтом кылат:
1. Эсептөө комиссиясынын шаардык/айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.
2. Миӊ-Булак айылдык кеңештин төрагасы болуп Усупов Казыбек Сырымбетович шайлангандыгы таанылсын.
3. Миӊ-Булак айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп Оморов Белек Исмаилович дайындалсын.
4. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырам.
Төрага | К. Усупов |