Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышынын I кезектүү сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 1/2
Кезектеги III Элдик Курултайга делегатты шайлоо боюнча жарандардын жыйындарын жана өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык, Мин-Булак айыл жарандардын жыйындарын жана өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү максатында, Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIХ чакырылышынын I кезектүү сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 «Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө жобонун 7-пунктунда аныкталган нормага ылайык, Мин-Булак айыл аймагынын калкынын саны 15537 адам болгондуктан өкүлчүлүктүү жыйындарга катышуучу өкүлдөрдүн саны 100 деп бекитилсин.
3. Айыл аймагында бөлүнгөн бөлүктөр боюнча жарандардын жыйындарын жана өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны жана квотасыкалкынын санына жараша 2-тиркемеге ылайык гендердик балансты сактоо менен пропорционалдуу шайлансын.
5. Мин-Булак айыл аймагында бөлүнгөн бөлүктөр боюнча жарандардын жыйындарын өткөрүү 2024-жылдын 04-декабрынан 05-декабрына чейин белгиленсин (3-тиркеме).
6. Кезектеги III Элдик Курултайга делегатты шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү 2024-жылдын 07-декабры деп белгиленсин (4-тиркеме).
7. Жумушчу топ, бекитилген графиктер боюнча жыйындарды, өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү маселелери боюнча зарыл чараларды көрүшсүн жана Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө жобонун талаптарын аткарууга алышсын.
8. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, min-bulak.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К. Усупов |
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIХ чакырылышынын I кезектүү сессиясынын 2024-жылдын 28ноябрындагы №1/2 токтомуна 1-тиркеме
Айыл аймагында бөлүнгөн бөлүктөр боюнча жарандардын жыйындарын жана өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы.
№ | А.А.А | Кызматы | Жумушчу тобунун ролу | Айыл аймака жооптуу |
1 | Усупов Казыбек Сырымбетович | Айылдык кеңештин төрагасы | Төрага | Баардык |
2 | Жолдошов Асылбек Бекбосунович | Айылдык кеӊештин катчысы | Катчы | Баардык |
3 | Касымалиев Айтбек Төрөгелдиевич | Депутат | Мүчөсү | Эчки-Башы а. |
4 | Муратбек уулу Жээнбек | Депутат | Мүчөсү | Өрнөк а. |
5 | Жаныш уулу Нурболот | Депутат | Мүчөсү | Оттук а. |
6 | Кубанычбек уулу Темирлан | Депутат | Мүчөсү | Жер-Көчкү а. |
7 | Жумагулов Максатбек Исаевич | Депутат | Мүчөсү | Эмгекчил а. |
8 | Үсонбеков Калыс Үсөнбекович | Депутат | Мүчөсү | Мин-Булак а. |
9 | Абакиров Кубатбек Абакирович | Депутат | Мүчөсү | Куйбышев а. |
10 | Жумакадыров Асмат | Аксакалдар сотунун төрагасы | Мүчөсү | Куйбышев а. |
11 | Болот уулу Субан | Айыл башчы | Мүчөсү | Эски-Башы а. |
12 | Ишенов Нурбек Эсенович | Айыл башчы | Мүчөсү | Өрнөк а. |
13 | Жеӊиш уулу Нурсултан | Айыл башчы | Мүчөсү | Лахол |
14 | Касымбаев Акмат Бейшембиевич | Айыл башчы | Мүчөсү | Миӊ-Булак.а |
15 | Батырша уулу Камбар | Айыл башчы | Мүсөсү | Эмгекчил.а |
16 | Тойгонбаев Тилек Тойгонбаевич | А. Осмонов атындагы маданият үйүнүн директору | Мүчөсү | Куйбышев.а |
17 | Рысбек уулу Дамир | Айыл башчы | Мүчөсү | Жер-Көчкү |
18 | Ибраев Кубанычбек | Айыл башчы | Мүчөсү | Оттук.а |
19 | Кемелова Гүлира | Мадания үйүнүн директору | Мүчөсү | Эмгекчил.а |
20 | Борбодоев Алтынбек | Мадания үйүнүн директору | Мүчөсү | Эчки-Башы |
21 | Сармолдоев Каныбек | Муниципалдык ишкана жетекчиси | Мүчөсү | Куйбышев |
Катчы А. Жолдошов
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIХ чакырылышынын I кезектүү сессиясынын 2024-жылдын 28ноябрындагы №1/2 токтомуна 2-тиркеме
Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны жана квотасы.
№ | Айылдардын (чөлкөмдүн) аталышы | Калкынын саны | 1 квотага тийиштүү калктын саны | Берилүүчү квотанын саны | Гендердик баланс 30% (аял) |
1 | Лахол | 1239 | 155,17 | 8 | 6 эркек 2 аял |
2 | Жер кочку | 831 | 155,17 | 6 | 5-эркек, 1-аял |
3 | Оттук | 1771 | 155,17 | 11 | 8 эркек 3 аял |
4 | Эчки башы | 1979 | 155,17 | 12 | 9-эркек, 3-аял |
5 | Эмгекчил | 3485 | 155,17 | 22 | 15 эркек 7 аял |
6 | Өрнөк | 648 | 155,17 | 5 | 4-эркек, 1-аял |
7 | Куйбышев | 4062 | 155,17 | 26 | 18-эркек, 8-аял |
8 | Миӊ-Булак | 1502 | 155,17 | 10 | 7-эркек, 3-аял |
| жалпы | 15517 |
| 100 өкүлчүлүк | 72-эркек 28-аял |
Катчы А. Жолдошов
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIХ чакырылышынын I кезектүү сессиясынын 2024-жылдын 28ноябрындагы №1/2 токтомуна 3-тиркеме
2024-жылдын 04-декабрынан 05-декабрына чейин Мин-Булак айыл аймагында бөлүнгөн бөлүктөр боюнча жарандардын жыйындарын өткөрүү
ГРАФИГИ
№ | Айыл аймак | Чогулуш өтүүчү жер | Убактысы | Уюштуруучулар |
1 | Өрнөк айылы | Ж.Өмүралиев мектеби | 04.12.2024-ж саат 10-00 | Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
2 | Миң-Булак айылы | Т.Байсалов мектеби | 04.12.2024-ж саат 11-00 | Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
3 | Эмгекчил | Эмгекчил айылдык клубунда | 04.12.2024-ж саат 12-00 | Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
4 | Оттук | Оттук айылындагы Жээнбай Мамбеталиев атындагы клубунда | 04.12.2024-ж саат 14-00 | Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
5 | Он-Арча айылы | Он-Арча айылындагы Тынымсейитова Жумакан атындагы клубда | 04.12.2024-ж саат 16-00 | Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
6 | Куйбышев айылы 1-жак | Куйбышев айыл өкмөтүнүн имаратынын жыйындар залында. | 05.12.2024-ж саат 10-00 | Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана |
|
|
|
| өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
7 | Куйбышев айылы 2-жак | Куйбышев айыл өкмөтүнүн имаратынын жыйындар залында. | 05.12.2024-ж саат 11-00 | Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
8 | Лахол айылы | Лахол айылындагы Абакиров Сабыр атындагы клубунда | 05.12.2024-ж саат 14-00 | Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
9 | Жер-Көчкү | Жер-Көчкү айылдык клубунда | 05.12.2024-ж саат 16-00 | Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
Катчы А. Жолдошов
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIХ чакырылышынын I кезектүү сессиясынын 2024-жылдын 28ноябрындагы №1/2 токтомуна 4-тиркеме
Кезектеги III Элдик Курултайга делегатты шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынынөткөрүү
№ | Айыл аймак | Чогулуш өтүүчү жер |
| Убактысы | Уюштуучулар |
1 | Мин-Булак айылы | Мин-Булак айыл өкмөтүнүн жыйындар залы. |
| 07.12.2024-ж саат 11-00 | Жумушчу топ |
Катчы А.Жолдошов