Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 29-январы ПЖ № 26
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 1-апрелиндеги № 86 "Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат орундары жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 1-апрелиндеги № 86 "Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат орундары жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта:
- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы, эмгек тартибин, Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарын, антты бузгандыгы, ошондой эле мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта болуу менен байланышкан мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү сактабагандыгы үчүн тиешелүү түрдө көрсөтүлгөн кызмат адамдары тарабынан кызмат ордуна дайындалган кызматчыларга мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси тарабынан тартиптик жазалар колдонулушу мүмкүн;";
- сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адамды ээлеген саясий мамлекеттик кызмат ордунан, атайын мамлекеттик кызмат ордунан жана саясий муниципалдык кызмат ордунан бошотуу үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында белгиленген негиздерден тышкары, кызматчынын иши саясий жетекчилик тарабынан кабыл алынган чечимдерге жана жүргүзүлүп жаткан саясатка ылайык келбеген учурда ал ээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн;";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21. Төмөнкү адам кызматчы боло албайт:
- ушул пункттун үчүнчү абзацында каралган учурларды кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар;
- соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-343-беренелеринде, 344-беренесинин 2, 3, 4-бөлүктөрүндө, 345-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүндө, 346-348-беренелеринде каралган мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар;
- ага карата ушул пункттун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7, 9, 11-13-пункттарында каралган реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар.";
3) 3-пункттун 1-пунктчасынын сегизинчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ошол эле учурда бир бөлүгү 14 календардык күндөн кем болбоого тийиш.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 07-февралындагы № 9 (3665) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
КР Президентинин 2025-жылдын 4-июнундагы ПЖ № 175 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ