Загрузка документа…
АЛТЫН АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
I-чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
2025-жылдын 11 январындагы № 1
2024-жылдын 29-ноябрындагы №5 ““Каракол” Эл аралык аэропортуна жасалма учуп-конуу тилкесин реканструкциялоо үчүн жер тилкелерин алып коюу жана алардын ээлерине башка жер тилкелерди берүү жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү жѳнүндѳ
Алтын-Арашан жергиликтүү кенеш Кыргыз Республикасынын министирлер кабинетине караштуу жер ресурстары кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин Каракол-Ак-Суу филиалынын Каракол Эл аралык аэропортунун учуп конуу тилкесин кеӊейтүү максатында айыл чарба категориясындагы сугат айдоо, кѳп жылдык мѳмѳ жемиш бактары жана башка пайдалануудагы жерлерин которуу “Ɵнѳр жайдын транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун, жерлери жана башка багыттагы жерлери” трансформациялоо боюнча тапшырган иш кагаздарын жана комиссиянын 2025-жылдын 11-январындагы корутундусун карап, таанышып чыгып Алтын-Арашан жергиликтүү кеӊеш токтом кылат:
1. Алтын-Арашан жергиликтүү кенешинин 2024-жылдын 29-ноябрындагы №5 ““Каракол” Эл аралык аэропортуна жасалма учуп-конуу тилкесин реканструкциялоо үчүн жер тилкелерин алып коюу жана алардын ээлерине башка жер тилкелерди берүү жөнүндө”токтомунун 1.п. №68-контурунан 0,1188га кѳп жылдык мѳмѳ жемиш бактары жана №71 контурунан 0,4 га башка пайдалануудагы жерлер толукталып толугу менен Алтын-Арашан айыл аймагында №57-контурунан 5,32 га , №61-контурунан 11,1га, №64-контурунан 4,12га, №62-контурунан 0,28га №72-контуранан 7,0 га, №63контурунан 0,81га, №75-контурунан 0,94га, №76-контурунан 1,85га, №83-контурунан 6,37га жалпысынан 37,79 га сугат айдоо, №68-контурунан 0,1188га коп жылдык момо жемиш бактары жана №71 контурунан 0,4 га башка пайдалануудагы жалпысынан 38,3088га мамлекеттик менчиктеги айыл чарба категориясындагы жер тилкелерин, “Ɵнѳр жайдын транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга макулдук берет деп окулсун
2. Токтом ММК басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн жиберилсин
3. Алтын-Арашан айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго иш кагаздарын бүтүрүү жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдө жагы Алтын-Арашан айыл аймагынын туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Осмоналиевге жүктөлсүн.
Төрага А. Токомбаев