Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 15-ноябры ПЖ № 324
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 95-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. 2024-жылдын 11-ноябрынан тартып курагынын чегине жеткенге чейин төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын:
- Абдираев Азамат Парпиевич;
- Арзыкулова Гүлсүн Абдыевна;
- Базарбаев Канатбек Туратбекович;
- Ибраимов Бакыт Молдозакович;
- Кожомкулов Алайбек Рамазанович;
- Раимкулов Эрмек Раимкулович;
- Сатарбек уулу Мирбек.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |