Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2025-жылдын 6-февралы № 39
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин ведомстволук кийим формасы жана айырмалоо белгилери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-майындагы № 252 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүүгө байланыштуу, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын ведомстволук форма кийимин кийүүгө укугу бар кызматкерлеринин кызмат орундарынын (кесиптердин) тизмеси, 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдеринин, айырмалоочу белгилеринин жана фурнитураларынын сүрөттөлүшү, 2-тиркемеге ылайык;
3) кызматтык милдеттерин аткарууда жана жүргүнчүлөр поезддерин жана билет кассаларын текшерүүдө тагынып жүрүүгө милдеттүү болгон бейдждин формасы жана жүргүнчүлөрдү тейлөө менен байланышкан адамдардын тизмеси, 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимин кийүү эрежеси, 4-тиркемеге ылайык.
2. “Кыргыз темир жолу” УК” МИсы “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ведомстволук форма кийимдерин даярдоону камсыз кылсын.
3. “Кыргыз темир жолу” УК” МИна кызматкерлерге мекемелик кийимди бекер алууга, же узартып төлөөгө укуктуу кызматкерлердин айрым категориялары аныкталсын.
4. “Кыргыз темир жолу” УК” МИге ведомстволук форма кийимдин (түс гаммасы, фурнитура ж.б.) техникалык сыпаттамасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укук берилсин.
5. Бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин расмий сайтына жарыялансын.
6. Министрликтин Транспорт саясатын жүргүзүү башкармалыгы ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсү мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө эки нускада, жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
7. Бул буйруктун көчүрмөсү буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2018-жылдын 4-июлундагы № 190 “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин ведомстволук кийим формасы жана айырмалоо белгилери жөнүндө буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
9. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары А.Тургунбаевге жүктөлсүн.
Министр
| А.Т. Сыргабаев |
тиркеме 1
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар
министрлигинин 2025-жылдын 6-февралындагы
№ 39 буйругуна
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын мекемелик форма кийимин кийүүгө укугу бар кызматкерлеринин кызмат орундарынын (кесиптердин) жана алардын тиешелүү айырмалоочу белгилеринин
ТИЗМЕСИ
Кызмат орундарынын аталышы | Жетектөөчү курамдын категориясы | Жылдыздардын саны |
1 | 2 | 3 |
Башкы директор | жогорку | 3 |
Башкы директордун биринчи орун басары - башкы инженер |
жогорку |
2 |
Башкы директордун орун басары | жогорку |
2 |
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы - жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы ревизор | жогорку | 1 |
Жүк ташуу башкармалыгынын башчысы | жогорку | 1 |
Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгынын башчысы | жогорку | 1 |
Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын башкы бухгалтери | жогорку | 1 |
Башкы директордун кеңешчиси | жогорку | 1 |
Өздүк коопсуздук башкармалыгынын башчысы | улук | 3 |
Оңдоо-өндүрүштүк ишмердүүлүк жана суу менен камсыздоо башкармалыгынын башчысы | улук | 3 |
Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы | улук | 3 |
Экономика жана тарифтер башкармалыгынын башчысы | улук | 3 |
Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы | улук | 3 |
Техникалык саясат башкармалыгынын начальниги | улук | 3 |
Жол коопсуздугу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары | улук | 3 |
Кыймыл коопсуздугу боюнча ревизор | улук | 3 |
Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгынын башчысынын орун басары | улук | 3 |
Жүк ташуу башкармалыгынын башчысынын орун басары | улук | 3 |
Башкы директордун жардамчысы | улук | 3 |
Филиалдардын башчылары | улук | 3 |
Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын башкы бухгалтеринин орун басары | улук |
3 |
Кыймылдуу курамды статистикалоо жана эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы | улук |
3 |
Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы | улук |
3 |
Эмгекти коргоо жана өнөр жай коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы | улук | 3 |
Кадрлар бөлүмүнүн башчысы | улук | 3 |
Жалпы бөлүмдүн башчысы | улук | 3 |
Атайын иштер жана жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы | улук | 3 |
Ташуу документтерин иштеп чыгуу боюнча технологиялык борбордун начальниги | улук | 2 |
Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы | улук | 2 |
Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы | улук | 2 |
Экономика бөлүмүнүн башчысы | улук | 2 |
Тарифтер бөлүмүнүн башчысы | улук | 2 |
Контролдоо жана ревизиялоо бөлүмүнүн башчысы | улук | 2 |
Коррупциянын алдын алуу бөлүмүнүн башчысы | улук | 2 |
Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары | улук | 2 |
Техникалык саясат башкармалыгынын бөлүм башчысы | улук | 2 |
Оңдоо-өндүрүштүк ишмердүүлүк жана суу менен камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары | улук | 2 |
Эмгекти коргоо жана өнөр жай коопсуздугу боюнча начальниктин орун басары | улук | 2 |
Филиалдын башкы инженери | улук | 2 |
Филиалдын башчысынын орун басары | улук | 2 |
Филиалдын башкы бухгалтери | улук | 2 |
Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы | улук | 2 |
Жүк ташуу бөлүмүнүн башчысы | улук | 2 |
Капиталдык курулуш башкармалыгынын бөлүм башчысы | улук |
2 |
Кыймыл бөлүмүнүн башчысы | улук | 2 |
Кыймыл ревизору | улук | 2 |
Логистика жана аналитика башчысы | улук | 2 |
РПО, Вод, АХО бөлүмүнүн башчысы | улук | 2 |
1-класстагы станциянын башчысы | улук | 2 |
Техникалык саясат башкармалыгынын башкы адиси, жетектөөчү адиси | улук | 1 |
Сыноо борборунун башчысы | улук | 2 |
Жүргүнчү ташууларды инспекциялоо боюнча жетектөөчү адис | улук | 1 |
Өрт көзөмөлү боюнча улук инспектор | улук | 1 |
Оңдоо-өндүрүштүк ишмердүүлүк жана суу менен камсыздоо башкармалыгынын башкы адиси | улук | 1 |
РЭС, НПУ, НОРРЦ башчысы | улук | 1 |
Энергетикалык көзөмөл боюнча жетектөөчү адис | улук | 1 |
Филиалдардын башкы механиги | улук | 1 |
Филиалдын техникалык бөлүмүнүн башчысы | улук | 1 |
Айланма локомотивдик депонун башчысы | улук | 1 |
Ыкчам-техникалык эсепке алуу борборунун башчысы | улук | 1 |
Химия лабораториясынын башчысы | улук | 1 |
Участоктун (цехтин) башчысы | улук | 1 |
Заводдун директору | улук | 1 |
Башкы энергетик | улук | 1 |
ПТО башчысы | улук | 1 |
Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын бөлүм башчысы | улук | 1 |
Жүк ташуу жана коммерциялык иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары | улук | 1 |
Улук поезд диспетчери | улук | 1 |
2-3-класстагы станциянын башчысы | улук | 1 |
1-класстагы станциянын башчысынын жүк иштери боюнча орун басары | улук | 1 |
1-класстагы станциянын башчысынын орун басары | улук | 1 |
ПКТО Турксиб. станция бригадири | улук | 1 |
ОДБ башчысы | улук | 1 |
Бузбоочу сыноо лабораториясынын башчысы | улук | 1 |
Сыноо лабораториясынын башчысы | улук | 1 |
Вагондорду кабыл алуучу | улук | 1 |
Локомотивдерди кабыл алуучу | улук | 1 |
Калыбына келтирүү поездинин башчысы | улук | 1 |
Өрт поездинин башчысы | улук | 1 |
Ревизор-инструктор | улук | 1 |
1-кат. Д инженери; Д жетектөөчү инженери | улук | 1 |
“Кыргыз темир жолу” УК” МИнин 1- кат. юрист-кеңешчиси | улук | 1 |
Башкы адис | улук | 1 |
Метрология бөлүмүнүн башчысынын орун басары | улук | 1 |
Питомниктин башчысы, бөлүмдүн башчысы | улук | 1 |
Жетектөөчү адис
| орто | 3 |
Жетекчинин кадрлар боюнча жардамчысы, экономист, эмгекти коргоо инженери | орто | 3 |
ПТО инженери, улук энергодиспетчер, улук эл.механик | орто | 3 |
Улук мастер, депо боюнча нөөмөтчү, машинист-инструктор, инженер-технолог, эмгекти уюштуруу жана нормалоо боюнча инженер | орто |
3 |
1-категориядагы инженер-технолог, ИССОнун инженери, ИССОну күнүмдүк тейлөө мастери, таш карьеринин башчысы | орто |
3 |
Өндүрүштүк окутуунун инструктору, жабдуу боюнча инженер, улук энергетик, улук механик; өндүрүштүк участоктун башчысы | орто |
3 |
Техникалык көзөмөлдөө боюнча инструктор, улук нөөмөтчү, инструктор, улук мастер, күзөт кызматынын улук инструктору, жергиликтүү жана шаар четиндеги поезддердин бригадири | орто |
3 |
НО улук инструктору, курал-жарак боюнча инструктор, наркология боюнча инструктор | орто | 3 |
Станциялардын иши боюнча жетектөөчү адис; улук коммерциялык ревизор; Жетектөөчү адис Д; акты-доо иштери боюнча инспектор; тарифтер боюнча жетектөөчү адис; бекеттин башчысы; жүк районунун башчысы; 1 кат Д инженери; эмгекти уюштуруу жана нормалоо боюнча инженер; темир жолду пайдалануу боюнча инженер, станциялык технологиялык борборунун жана ташуу документтерин иштеп чыгуунун башчысы; товардык конторанын башчысы; маневр диспетчери; станциянын 4-5-класстагы башчысы | орто |
3 |
Билеттер тобунун башчысы, жалпы бөлүмдүн адиси, кыргыз тили боюнча жетектөөчү адис | орто | 3 |
ММ механик–диспетчери | орто | 3 |
Каражаттарды текшерүү боюнча адис | орто | 3 |
МБнын сапаты боюнча инженер; калыбына келтирүүчү поезддин улук мастери; өрт поездинин улук мастери | орто |
3 |
Филиалдардын 1-кат. юрисконсульту | орто | 3 |
1-класстагы бекеттин нөөмөтчүсү | орто | 3 |
Локомотив чарбасы боюнча филиалдын мастери; ПТО мастери; запастагы базанын машинисти; тепловоздун машинисти | орто | 2 |
Темир жолдорду пайдалануу боюнча инженер; 3-кат. инженер-технолог; кадрларды даярдоо боюнча инженер; жол мастери; жол машиналарын жана механизмдерин пайдалануу жана оңдоо боюнча мастер; көчкүгө каршы колоннанын мастери | орто |
2 |
мастер; оңдоо-өндүрүштүк ишмердүүлүк жана суу менен камсыздоо башкармалыгынын жетектөөчү инженери; оңдоо-өндүрүштүк ишмердүүлүк жана суу менен камсыздоо башкармалыгынын мастери; мастер; “Локомотив” СОКтун директору | орто |
2 |
2-3-класстагы бекеттин нөөмөтчүсү | орто | 2 |
Текшерүүчү өлчөө приборлорунун оператору; калыбына келтирүүчү поезддин мастери | орто | 2 |
эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн адистери; ревизиялар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси | орто |
2 |
СЦБ, байланыш жана электр менен камсыздоо электромеханиги | орто | 2 |
Электр жабдууларын оңдоочу мастер | орто | 2 |
Өндүрүш участогунун мастери; наряд жазгыч; инженер-маркшейдер; ОГЗ 2- кат. инженери; шаар четиндеги жана жергиликтүү каттамдардын улук узатуучусу; оңдоо-өндүрүштүк иш жана суу менен камсыздоо башкармалыгынын инженери | орто |
1 |
4-5-класстагы бекет боюнча нөөмөтчү; техник; инженер-технолог, бекет боюнча нөөмөтчү | орто | 1 |
Ветеринар, НО бөлүмүнүн башчысынын орун басары | орто | 1 |
Машинисттин жардамчысы; жол машинасынын айдоочусу, темир жолдогу кран. дрезинанын айдоочусу; поезд электромеханиги; парк боюнча нөөмөтчү; ДСП оператору; маалымат оператору; СТЦ ташуу документтерин иштеп чыгуу боюнча оператору; улук кабыл алуучу; улук товардык кассир; 1-кат. товардык кассир; жүк ташуу жана жөнөтүү маалымат бюросунун оператору; оператор-телеграфист; почтаны кабыл алып-өткөрүп берүүчү; вагондорду кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча агент; улук оператор; телетайпист оператор; маалымкат берүү боюнча нөөмөтчү; билет сатуучу 1-кат. кассир; вагондордун кыймылын улук жөнгө салуучу; поезддерди түзүүчү; улук аткыч; улук кинолог; инкассациянын улук аткычы | кенже |
|
Бухгалтер; улук кассир; ЭЭМ оператору, катчы-машинистка, улук кампачы, ТТК оператору; СЦБ монтеру, байланыш жана эл.сактоо камерасынын кампачысы; 2-кат. билет сатуучу кассир; 2-кат. товардык кассир; вагондордун кыймылынын ылдамдыгын жөнгө салуучу; жебе постунун нөөмөтчүсү; поезддерди түзүүчүнүн жардамчысы; өрт жабдыктарын оңдоо боюнча уста, өрт поездинин жоокери; документтерди иштеп чыгуу боюнча оператор; ок аткыч айдоочу; НО айдоочусу; ок аткыч; кызматтык ит багуунун жетектөөчүсү; инкассатор-айдоочу; ок атуучу-инкассатор. | катардагы |
|
“Түштүк бөлүмү” филиалы | ||
“Түштүк бөлүмү” филиалынын башчысы | жогорку | 1 |
Башчынын орун басары | улук | 3 |
Башкы инженер | улук | 3 |
Поезддердин кыймылынын коопсуздугу боюнча башчынын орун басары | улук | 3 |
Башкы бухгалтер | улук | 3 |
Поезддердин кыймылынын коопсуздугу боюнча ревизор | улук | 2 |
Башчылары: | улук |
|
Жол чарба дистанциясынын башчысы | улук | 2 |
Байланыш жана СЦБ электр менен жабдуу | улук | 2 |
ПТО - вагон чарбасы | улук | 2 |
Айланма-локомотивдик депо | улук | 2 |
Жол чарбасынын башкы инженери | улук | 1 |
Жүк-коммерциялык иштер | улук | 1 |
Маалыматтык-эсептөө борбору | улук | 1 |
Кадрлар бөлүмү | улук | 1 |
ВОХР | улук | 1 |
Механикалаштырылган жүктөө-түшүрүү пункту | улук | 1
|
Материалдык-техникалык жабдуу бөлүмүнүн башчысы | улук | 1 |
Поезддин улук диспетчери | улук | 1 |
1-кат. юрисконсульт. | улук | 1 |
3-класстагы бекеттин башчысы | улук | 1
|
Финансылык ревизор | улук | 1 |
Жүк-коммерциялык иштер боюнча ревизор. | улук | 1 |
Өрт көзөмөлүнүн улук инспектору | улук | 1 |
ТБ улук адиси | орто | 3 |
3-класстагы станциянын башчысынын орун басары | орто | 3 |
4-класстагы станциянын башчысы | орто | 3 |
1-кат. технологиялык сектордун инженери | орто | 3 |
Эсепке алуу секторунун улук оператору | орто | 3 |
Курулуш-оңдоо жолдорунун мастери | орто | 2 |
Кадрлар боюнча инспектор | орто | 3 |
МТО боюнча башкы адис | орто | 3 |
Жол чарба инженери | орто | 3 |
Ташуу документтерин иштеп чыгуу боюнча технологиялык борборунун 1-кат. бухгалтери | орто | 3 |
Улук жол мастери | орто | 3 |
Ош бекетинин МЧУ башчысынын орун басары | орто | 3 |
Машинист-инструктор | орто | 3 |
Кирүү жолдору боюнча инспектор | орто | 3 |
Локомотивдик депонун мастери | орто | 2 |
4-класстагы станциянын башчысынын орун басары | орто | 2 |
Вагон участкасынын мастери | орто | 2 |
Поезд диспетчери | орто | 2 |
ВОХРдун курал-жарак боюнча инструктору | орто | 2 |
3 жана 4-класстагы бекеттин нөөмөтчүлөрү | орто | 2 |
Локомотивдик депонун нөөмөтчүсү | орто | 2 |
Жол мастерлери, жол чарбалары | орто | 2 |
СЦБ жана байланыштын электр менен камсыздоо улук электромеханиги | орто | 2 |
Жүктөө жана түшүрүү участкасынын оператору | орто | 2 |
1 жана 2-класстагы локомотив машинисти | орто | 2 |
ИВЦнын жетектөөчү адиси | орто | 2 |
ИВЦнын электронщик-инженери | орто | 2 |
Улук вагон текшерүүчү | орто | 2 |
ВОХРдун кароол башчысы | орто | 2 |
3 жана 4-класстагы парк боюнча нөмөтчү | орто | 1 |
МЧУ бошотулган бригадири | орто | 1 |
Жолду жана жасалма курулмаларды күнүмдүк күтүү жана оңдоо боюнча бошотулган бригадир | орто | 1 |
3-класстагы локомотив машинисти | орто | 1 |
Ош ст. МЧУ бошотулган бригадири | орто | 1 |
ВОХР башкы аткычы | кенже |
|
СЦБ жана байланыштын электр менен камсыздоо электромеханиги | кенже |
|
Эскертүү:
1. Тизмеде кызмат орундары жок болгон учурларда ээлеген кызмат ордуна ылайык айырмалоо белгилерин тагынууга жол берилет.
2. Бул колдонмодо кыскартуулар төмөнкү мааниге ээ:
Н - Башкы директор
НЗ-1 – Башкы директордун биринчи орун басары – башкы инженер
НЗ - башкы директордун орун басары
СН – Башкы директордун кеңешчиси
НИ - башкы директордун жардамчысы
РБ - жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ревизорлор башкармалыгы
УБУиО – бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгы
УКС- капиталдык курулуш башкармалыгы
Д - Жүк ташуу башкармалыгы
УТП - техникалык саясат башкармалыгы
УРВ-өндүрүштүк оңдоо иштери жана суу менен камсыздоо башкармалыгы УПП-жүргүнчүлөрдү ташууну башкаруу
УЭТ - Экономика жана тарифтер башкармалыгы
УПОМС-укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгы
ОПО-укуктук камсыздоо бөлүмү
НС-Жалпы бөлүм
НЕТ-тарифтер бөлүмү
НЭР-экономика бөлүмү
ОТ и ПБ – эмгекти коргоо жана өнөр жай коопсуздугу бөлүмү
ОСО-коомчулук менен байланыш бөлүмү
ОСР-мамлекеттик сырларды сактоо жана жарандык коргонуу бөлүмү
НОК-Кадрлар бөлүмү
НЭМ-эл аралык кызматташуу боюнча бөлүм
НОП-долбоорлоо бөлүмү
ПП-өрт поезди
ВП-калыбына келтирүүчү поезд
НЧ-кыймылдуу курамды статистикалоо жана эсепке алуу бөлүмү
ТехПД-ташуу документтерин иштеп чыгуу боюнча технологиялык борбор РПО-оңдоо-өндүрүштүк бөлүм
ВОД-суу менен камсыздоо бөлүмү
ИВЦ – “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин маалыматтык эсептөө боюнча филиалы
ММ – “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин жүктөө - түшүрүү иштерин камсыздоо боюнча филиалы
НО – “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин темир жол объектилерин жана ташылып бара жаткан жүктөрдү аскерлештирилген кайтарууну камсыз кылуу боюнча филиалы
Т – “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин локомотивдик чарба боюнча филиалы ШЭ – “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин электр энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыз кылуу боюнча филиалы
В – “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин вагон чарбасы боюнча филиалы
П – “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин Жол чарба боюнча филиалы
ФОП – “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча филиалы
МТО – “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин материалдык-техникалык камсыздоо боюнча филиалы
ВОХР-Түштүк бөлүмүнүн аскерлештирилген күзөтү
МЧУ-жүктөө-түшүрүү иштеринин механикалаштырылган аралыгынын башчысы
РЭС-электр тармактар району
НПУ-өндүрүштүк участоктун башчысы
НРЦ-оңдоо-ревизия цехинин бөлүмүнүн башчысы
КТЖ-техникалык кароо пункту
ПТО-Контролдук текшерүү пункту
ДСП-бекет боюнча нөөмөтчү
СТЦ-поезддик маалыматтарды жана ташуу документтерин иштеп чыгуунун станциялык технологиялык борбору
ТТС-телефон-телеграф станциясы
ОДБ-жүргүнчүлөр поезддериндеги орундарды бөлүштүрүү боюнча жол бюросу
ИССО-жасалма курулуштардын инженери
АХО-Административдик чарба бөлүмү
СЦБ-сигнализация борборлоштуруу блокировка
ИЦ-сыноо борбору
ОГЗ-мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү
тиркеме 2
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар
министрлигинин 2025-жылдын 6-февралындагы
№ 39 буйругуна
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар
министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери үчүн
форма кийимдеринин, айырмалоочу белгилеринин жана фурнитураларынын
СҮРӨТТӨМӨСҮ
1. Кышкы куртка, бушлат
Башкы директор үчүн – бушлат (куртка) көк-боз кездемеден тигилет.
Бардык курамдар үчүн бушлат (куртка) кочкул көк түстөгү кездемеден тигилет.
“Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын Темир жол объекттерин жана ташылган жүктөрдү аскерлештирилген коргоону камсыз кылуу филиалы үчүн бушлат (куртка) хаки кездемеден тигилет.
“Кыргыз темир жолу” УК” МИнин Жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча филиалынын коштоочулары үчүн куртка: кочкул көк кездемеден түз силуэтте (узун) тигилет. Топчулугуна кош сыдырма салынып, үстүнөн кнопка менен бекитилет. Төмөнкү каптал тигиштеринде сыдырма тартылган тиликтери бар. Каптал чөнтөктөрү жапкычтары менен кездеменин сыртына бастырылып тигилген (кездеменин ичине киргизип тигүүгө да уруксат берилет), үстүнкү бөлүгүндө эки каптал тилик чөнтөктөрү бар. Чүмбөткө (капюшон) чечүүчү сыдырма салынган, капюшондун бет оюгу боюнча учу бар боо тарткыч тигилген.
Жеңи манжет. Белинде ичке жип боо тарткыч. Ички чөнтөгү бар.
2. Плащ (тренч)
“Кыргыз темир жолу” УК” МИнин Жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча
филиалынын узатуучу кызматкерлеринен башка бардык курамдагы адамдары үчүн плащ кийүү талап кылынбайт.
Плащ суу өткөрбөй турган, кочкул-көк кездемеден классикалык түрдө тигилген. Кош топчу менен топчуланат. Жакасы англис стилинде тигилип, эки бөлүктөн турат: сыртына кайрып тигилген кайырма жака жана эки лацкандан турат. Жакасынын үстүнкү бөлүгү күмүш боо менен кооздолгон. Ийин тигишинде бир топчуга топчуланган погондор тигилген. Далы жагы өзүнчө бөлөк жиктелип тигилген. Жеңдин учунда ичкертип тартып кое турган боосу бар. Плащ (тренч) жазы кур менен курчалат, курдун ортосунда негизги кездеме менен капталган топчу (бляшка) бар. Плащтын эки капталында жалбырак түшүрүлгөн ички чөнтөктөрү бар.
3. Салтанатка кийилчү костюм
Башкы директор үчүн костюм бозомтук-көк түстөгү кездемеден, жогорку жетекчилик курам үчүн кочкул-көк түстөгү кездемеден тигилет.
Жогорку жетекчилик курам үчүн - кайырма жакалуу, бири-бирине катар жайгашкан алты формалык кош топчу менен топчулана турган күрмө. Жакасынын бурчтары лавр жалбырактары түрүндөгү алтын түстөгү сайма менен кооздолгон (оң жана сол жагында экиден, үстү жагында бирден жалбырак).
Күрмөнүн арты түз тигилет (тилик салууга (шлица) жол берилет). Күрмөнүн эки капталында жапкычтары бар ички чөнтөктөр салынган (сол капталынын жогорку бөлүгүнө ички чөнтөк салууга жол берилет). Жеңдери түз, жеңдин учунда эки катар формалык топчу бар.
Жака жана манжеттери жашыл жээк менен жээктелген, жээктин туурасы 2,5 мм. Башкы директордун күрмөсүнүн жеңинин манжети - алтын түстүү лавр жалбырагы түрүндө кооздолуп тигилген.
Форма костюмунун шымы түз, классикалык түрдө тигилет. Каптал тигиштеринде жээк жана жээктин эки жагында сызыктар бар (жээктин жана сызыктардын өңү жашыл).
Улук, орто, кенже жана катардагы кызматкерлер үчүн кочкул-көк түстөгү кездемеден күрмө тигилет. Кайырма жакалуу, катар жайгашкан үч формалык топчу менен топчулана турган күрмө. Күрмөнүн алдыңкы жагында жапкычтары бар эки чөнтөк салынган (алды жагынын сол бөлүгүнүн үстүнө бир ички чөнтөк салууга жол берилет). Жеңдери түз, жеңдин учунда эки формалык топчу бар.
Улук жана орто курамдагы кызматкерлер үчүн күрмөнүн жакасы жана манжеттери жашыл жээк менен жээктелген, жээктин туурасы 2,5 мм.
Кенже жана катардагы курам үчүн күрмөнүн жакасы жашыл түстөгү жээк менен жээктелген.
Форма костюмунун шымы түз, классикалык түрдө тигилет. Шымдын каптал тигиштеринде жээк салынган ( жээктин түсү – жашыл).
“Кыргыз темир жолу” УК” МИнин Жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча филиалынын узатуучу кызматкерлери үчүн: кайырма жакалуу, катар жайгашкан үч формалык топчу менен топчулана турган күрмө. Күрмөнүн алды жагында жапкычтары бар эки чөнтөк жана алды жагынын сол бөлүгүнүн үстүнө бир тилик ички чөнтөк салууга жол берилет. Жеңдери түз, жеңдин учунда эки формалык топчу бар. Жакасы күмүш түстөгү жээк менен жээктелген.
Форма костюмдун шымы түз, классикалык түрдө тигилет.
Юбка түз тигилет, арткы этек жагына тилик (шлицы) салынган.
4. Күнүмдүк костюм
Жогорку жетекчилик курам үчүн - кочкул-көк түстөгү кездемеден тигилет.
Узундугу жамбашка чейин, ортосуна эластик материалдан лента салынган кур менен курчалат, “молния” сыдырма менен топчулана турган күрмө. Жакасы кайырма. Жакасынын бурчтары алтын түстөгү лавр жалбырагы бар саймалар менен кооздолгон. Күрмөнүн төш жагына кокетка (жиктелген тигиш) салынган. Капталдарында каптама клапандуу чөнтөктөрү бар. Арт жагында далыга тушташ эки бүктөм салып тигилген. Костюмдун күрмөсүнүн төмөнкү бөлүгүндө кошумча тилик чөнтөктөр бар. Жеңдери түз, манжет салынган, жеңдин учунда эки формалык топчу бар.
Күрмөнүн белине кур салынган, эки капталында ичкертип тартып кое турган эластик тасма (резинка) салынган.
Күрмөнүн ичинен кара түстөгү футболка кийүүгө уруксат берилет.
Форма костюмунун шымы түз, классикалык түрдө тигилген.
Каптал тигиштеринде лампастары бар жээк салынган (лампастын жана
сызыктардын өңү жашыл).
Улук, орто, кенже жана катардагы курамдар үчүн формалык костюм кочкул-көк түстөгү кездемеден тигилет: Эркектер үчүн - куртка жана шым, аялдар үчүн - куртка жана юбка (куртка жана шым).
Узундугу жамбашка чейин, эластик лента салынган куру бар, “молния” сыдырма менен топчулануучу куртка. Жакасы кайырма. Алды жак капталдарында клапандуу каптама чөнтөктөрү бар. Арт жагында далыга тушташ - каршылаш бүктөмү бар.Костюмдун күрмөсүнүн төмөнкү бөлүгүндө кошумча тилик ички чөнтөктөрү бар. Жеңинде манжет, формалуу эки топчуга топчуланат. Күрмөнүн белине кур салынган, эки капталында ичкертип тартып кое турган эластик тасма (резинка) тигилген.
Куртканын астына кара түстөгү футболка кийүүгө уруксат берилет.
Форма костюмунун шымы түз, классикалык түрдө тигилген. Шымдын каптал тигиштеринде жашыл түстөгү жээк салынган. Аялдардын костюмунун юбкасы түз, артында тилиги (шлицы) бар.
“Кыргыз темир жолу” УК” МИнин Темир жол объектилерин жана ташылып бараткан жүктөрдү аскерлештирилген кайтарууну камсыз кылуу боюнча филиалы үчүн костюм кара-жашыл-күрөң хаки түстөгү жарым–жартылай жүн кездемеден тигилет (жай мезгилиндеги костюм “санариптик флора” кочкул-жашыл түстөгү аралаш кездемеден (негизи - пахта) тигилет.
5. Баш кийим
Бардык курамдагы эркектер салттуу формалык баш кийим - фуражка кийишет. Фуражканын түсү - форма кийимге дал келет.
Башкы директор үчүн – фуражканын алкагында эмен бутактары түрүндө эки симметриялуу оюм-чийим саймаланып, калканычтын эки жагына лавр жалбырагынын сүрөтү түшүрүлгөн.
Жогорку курам үчүн - фуражканын үстүнкү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын герби саймаланып, алкагына кокарда түшүрүлгөн.
Улук, орто, кенже курамдар үчүн алкакта кокарда түшүрүлгөн.
Фуражканын төбөсү сүйрү формада, үч капталы бар (алдыңкы жана арткы эки), кара түстөгү маңдай калканычынан жана өрүлгөн боодон турат.
Өрүлгөн боо маңдай калканычынын үстүндөгү алкакка эки темир топчуга топчуланат. Төбөсүнүн чети жана алкактын жогорку чети - жашыл түстөгү жээк менен бастырылган. Өрүлгөн боо сары түстө.
“Кыргыз темир жолу” УК” МИнин Жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча филиалынын узатуучулары үчүн: төбөсүнүн чети жана алкагынын жогорку чети боз түстөгү жээк менен бастырылган. Өрүлгөн боосу күмүш түстө. Чекесинде күмүш түстөгү эмблема саймаланган.
Бекет боюнча нөөмөтчүлөр, вокзал боюнча нөөмөтчүлөр үчүн - калканычы кара түстө болгон, кызыл түстөгү фуражка.
Аялдардын баш кийими пилотка түрүндө болот, анын жээги жашыл түстөгү ноотудан, жазылыгы 3 мм болгон жээк тигилген (узатуучулар үчүн – күмүш түстүү).
Кышкы баш кийим: жогорку курам үчүн - кара каракүлдөн, калган категориялар үчүн – кочкул көк түстөгү, кулак жапкычтары бар тумак.
6. Жилет
“Кыргыз темир жолу” УК” МИнин Жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча филиалынын узатуучуларынан башка бардык курамдар үчүн жилет кийип жүрүү талап кылынбайт. Кочкул көк түстөгү жүн аралашма кездемеден жасалат.
Денеге жарым-жартылай кынай тигилет. Алды жагында көкүрөк туштан этегине чейин жик салып тигилген. Төрт топчуга топчуланат. Эки капталында алкак салып тигилген чөнтөктөрү бар.
Сол жагында көкүрөк тушта эллипс түрүндөгү күмүш түстөгү канаттары бар дөңгөлөк түшүрүлгөн саймалуу эмблема бар.
7. Сырт көйнөк (рубашка), бут кийим
Узун жана кыска жеңдүү көйнөк ак же ачык-көк түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, клапандуу эки төш чөнтөгү бар, сызма көктөлгөн бел кур салынган.
Темир жол объектилерин жана ташылган жүктөрдү аскерлештирилген кайтарууну камсыз кылуу боюнча “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин филиалынын кызматкерлери үчүн - ак жана зайтун түстөгү көйнөк.
“Кыргыз темир жолу” УК” МИнин Жүргүнчүлөрдү тейлөө филиалынын узатуучулары үчүн – классикалык, кайырма жакалуу, сыдырма салынып тигилген көйнөк. Сол жеңинде сайма салынган. Алдынын сол жагына саймалуу күмүш эмблема түшүрүлгөн.
Кара түстөгү булгаары бут кийим (туфли, өтүк, бут кийим).
8. Галстук (регат)
Башкы директор үчүн – боз түстө.
Калган категориядагы кызматкерлер үчүн кочкул-көк түстөгү кездемеден тигилет.
“Кыргыз темир жолу” УК” МИнин Темир жол объектилерин жана ташылган жүктөрдү аскерлештирилген кайтарууну камсыз кылуу филиалы үчүн галстуктун (регатта) өңү – кочкул-жашыл түстө.
9. Полувер
Бардык курамдар үчүн кийүүгө уруксат берилет. Полувер жүн аралаш кездемеден, кочкул-көк түстө (ВОХР үчүн - жашыл түс), түз силуэтте тигилет, жеңи узун. Ийиндин жана чыканак тигиштеринин аймагында кочкул көк түстөгү кездемеден тигилген каптамалар жайгаштырылган. Сол жагынын алдыңкы бөлүгүндө, ошондой эле сол жеңдин ийин тигишинин ылдый жагында кочкул-көк (жашыл) түстөгү кооздолгон кездемеден тигилген, илмек (топчуга) топчулануучу түз капкалдырыктары бар каптама чөнтөктөр бар.
Погондорду ийин тигиштеринде бекитүү үчүн эки өткөргүч жана эки илмек болот.
10. Аялдардын моюн жоолугу
“Кыргыз темир жолу” УК” МИнин Жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча филиалынын узатуучуларынан башка бардык курамдар үчүн тагынып жүрүү талап кылынбайт. Кочкул-көк түстө, ченеми 60*60, “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын 6*4 см ченемдеги сүрөтүн (принти) бастыруу менен.
11. Айырмалоочу белгилер
Айырмалоо белгилери кызматына (кесибине) жараша белгиленет. Айырмалоочу белгилер болуп ийин белгилери (жарым погондор жана погондор, фальш-погондор) кызмат кылат.
Жогорку, улук, орто, кенже жана катардагы курамдар үчүн жайкы мезгилде көйнөктөгү айырмалоочу белгилер болуп ийин белгилери (погондор) кызмат кылат.
Ийин белгилери (жарым погондор) - өлчөмү тегеректелген төрт бурчтук: негизинин туурасы 70 мм, узундугу 90 мм.
Жогорку жетекчи курамдын кызматкерлери үчүн ийин белгилери үч тарабынан (негизинен тышкары) алтын түстүү боо менен алкакталат. Ийиндик белгинин төмөнкү бөлүгү туурасы 50 мм болгон алтын түстөгү лентадан (шеврон) жасалат. Ийин белгисинин жогорку тегеректелген бөлүгү жашыл түстөгү ноотудан жасалат. Ийин белгисинин талаасында: алтын түстүү талаада 20 мм өлчөмүндөгү жылдыз алтын жип менен бирден үчкө чейинки санда саймаланып тигилет. Улук, орто, кенже жана катардагы курам үчүн ийин белгилери формалык костюм сыяктуу эле кездемеден тигилет.
Ийин белгисинин өлчөмү жана формасы боюнча улук командалык курамдын погонуна окшош.
Ийин белгиси негизинен тышкары үч тарабынан туурасы 3 мм болгон жашыл түстөгү ноотудан кесинди тигилет.
Улук, орто, кенже жана катардагы курам үчүн ийин белгисинин (жарым погондун) үстүнкү бөлүгүндө 14 мм өлчөмдөгү формалык топчу үчүн узунунан кеткен илмек болот.
Белгилердин талаасында төмөнкүлөр бар:
- жогорку жетекчи курам үчүн - диаметри 20 мм металл же пластмасса (кездеме) алтын түстөгү жылдыздар туурасынан жайгаштырылып бирден үчкө чейин жайгаштырылат;
- улук жетекчи курам үчүн - ийин белгисинин түбүнөн 10 мм аралыкта туурасы 12 мм болгон көп бурчтук түрүндөгү сары түстөгү эки тилке жайгаштырылат, чокусунан туурасы 4 мм болгон эки тең капталдуу үч бурчтук менен тоолордун чокуларын чагылдырган, узундугу 64 мм. көп бурчтуктун чокулары жарым погондун жогору жагына карайт. Көп бурчтуктардын ортосундагы аралык 3 мм. түзөт. Үч бурчтуктардын чокуларына чейин 10 мм Диаметри 16 мм металл же пластмасса (кездеме) алтын түстүү жылдыздар туурасынан, бирден үчкө чейин жайгаштырылат;
орто курам үчүн - ийин белгисинин түбүнөн 10 мм аралыкта сары түстөгү бир көп бурчтук жайгашат. Үч бурчтуктун чокуларына 22 мм чейин диаметри 13 мм алтын түстөгү металл, пластмасса (кездеме) жылдыздар туурасынан бирден үчкө чейин жайгаштырылат;
- кенже жана катардагы курам үчүн - жарым погондун түбүнөн 10 мм аралыкта жазылыгы 12 мм болгон көп бурчтук түрүндөгү сары түстөгү бир тилке жайгаштырылат, үстү жагынан туурасы 8 мм болгон эки тең капталдуу үч бурчтук тигилген. Үч бурчтуктун чокулары жарым погонду жогору карайт. Жарым бурчтуктун ортосу боюнча 36 мм аралыкта диаметри 20 мм болгон кыргыз улуттук желегинин символу (күндүн нурлары жана түндүк) жайгашкан;
Форма костюмдун күрмөсү үчүн погондор кочкул-көк (жашыл) түстөгү кездемеден жасалат.
Жайкы мезгилде көйнөктө айырмалоо белгилери болуп негизи туурасы 55 мм жана үстү 45 мм узундугу 120-140 мм болгон төрт бурчтук (погон) түрүндөгү ийин белгилери кызмат кылат. Погондор ак, көк, жашыл түстөгү кездемеден жасалат, жээги жок.
Жогорку жетекчи курам үчүн погондор: эки тарабында четин бойлото сары түстөгү оймо – чийме түрүндө алкактоо, погондун негизинде сары түстөгү лавр гүлчамбары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын туусу жайгашкан.
Улук кызматкерлер үчүн - погондордогу символдордун аралыгы туурасы 12 мм, туурасы 4 мм болгон сары түстөгү көп бурчтук, узундугу 50 мм болгон эки кесилген тең жактуу үч бурчтук менен.
Орточо курам үчүн - туурасы 12 мм, туурасы 4 мм болгон сары түстөгү көп бурчтук, узундугу 50 мм болгон бир капталдуу үч бурчтук тигилген.
Жылдыздар погондун узата кеткен огун бойлото бирден үчкө чейин жайгашат.
Кенже жана катардагы курам үчүн - туурасы 12 мм сары түстөгү көп бурчтук, үстүнөн туурасы 4 мм болгон, узундугу 50 мм болгон бир тең капталдуу үч бурчтук кесилген.
Күндүн нурлары жана түндүк белгилери погондун ортосунда жайгашкан.
Жайкы формалык көйнөктө (блузада) жана формалык күрмөдө ийин белгилери чечилме.
Жазгы-күзгү свитерде (жемпер), бушлатта негизинин туурасы 55 мм, узундугу 120 мм тегеректелген төрт бурчтук (жасалма погондор) түрүндөгү ийин белгилери кызмат кылат. Погондор кийимдин өңүнө ылайыкташтырылып жасалат. Погондордун кыры 3 мм жашыл түстө, погондун жогорку бөлүгүндө формалык топчу үчүн узунунан кеткен илмек болот.
Улук курам үчүн жасалма погондордогу белгилердин аралыгы: узундугу 49 мм болгон тең капталдуу эки кесилген үч бурчтук менен үстү жагынан туурасы 4 мм болгон, узуну 12 мм. сары түстөгү көп бурчтук.
Орточо курам үчүн - туурасы 12 мм болгон сары түстөгү көп бурчтук, үстүнөн туурасы 4 мм, узундугу 49 мм болгон бир капталдуу үч бурчтук кесилген.
Жылдыздар узата кеткен жасалма погондун огун бойлото бирден үчкө чейин жайгашат.
Кенже курам үчүн - туурасы 12 мм болгон сары түстөгү көп бурчтук, үстү жагынан туурасы 4 мм, узундугу 49 мм болгон бир тең капталдуу үч бурчтук кесилген.
Күндүн нурлары жана түндүк символдору погондун ортосунда жайгашкан.
Катардагы курам үчүн - символу күндүн нурлары жана түндүк погондун ортосунда жайгашкан.
“Кыргыз темир жолу” УК” МИнын эмблемасы канаты бар эллиптикалык дөңгөлөктү элестетет. Төш эмблемасынын өлчөмү: дөңгөлөктүн габарити 23х13мм, канаттын кулачы - 70мм. Жогорку жана улук курамдагы кызматкерлердин төш эмблемасы алтын түстүү жип менен тигилет. Орто, төмөнкү жана катардагы кызматкерлердин эмблемасы алтын түстөгү башка кездемелерден тигилиши да мүмкүн.
Эмблема жайкы көйнөктүн төш жагында жана формалык кийимдин оң тарабында болот.
Баш кийимдин кокардасы туурасы 22 мм, узуну 30 мм болгон эллипсти элестетет, алтын түстө рамкаланган канаты (канаттын кулачы 60 мм) менен кочкул жашыл түстөгү талаасы жана эллипстин ортосунда эки лавр жалбырагы бар. Талааларында алтын түстүү техникалык белгиси бар (мамлекеттик символиканы түшүрүүгө жол берилет). Кокарда металлдан жасалат, жогорку жетекчилик курам үчүн саймаланып тигилиши мүмкүн.
Аялдардын баш кийиминин кокардасы алтын түстөгү алкакка салып тигилген, туурасы 27 мм, узуну 34 мм болгон эллипсти элестетет.
Жогорку курамдагы кызматкерлердин костюмунун жакасында лавр жалбырагы түрүндөгү тигиш бар.
Улук жана орто курамдагы жетекчи кызматкерлердин жакасына алтын түстөгү металлдан чекеси лавр жалбырагы менен кооздолгон түндүк тагылат.
“Кыргыз темир жолу” УК” МИнын формалык кийиминин жеңиндеги эмблема кездемеден жасалып, кийимдин сол жеңинде ийинден 12 см аралыкта тагылат.
Эмблеманын узундугу 63 мм, туурасы 90 мм. Жогорку бөлүгү айланган, радиусу 22 мм болгон жарым тегерек. Жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын туусу жайгашкан, ортосунда чекеси алтын түстөгү лавр жалбырагынан жасалган венок түрүндө кайчылаш экиге ачылма ачкыч жана балканын сүрөтү бар. Ылдыйкы бөлүгүндө “Кыргыз темир жолу” УК” МИнын эмблемасы жайгашкан. Техникалык белги менен эмблеманын ортосунда сары түстө “Кыргыз темир жолу” деген жазуу бар. “К” тамгасынын узундугу 15 мм, калгандары 12 мм. Жеңиндеги эмблемасынын сары-кара түстөгү милтеси бар.
Бардык категориядагы кызматкерлердин топчулары алтын түстө. Топчуларга Кыргыз Республикасынын герби рельефтүү түшүрүлгөн. Топчунун диаметри 22 мм, 14 мм. Узатуучулар үчүн - классикалык стилдеги күмүш же кара түскө жол берилет.
тиркеме 3
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар
министрлигинин 2025-жылдын 6-февралындагы
№ 39 буйругуна
Кызматтык милдеттерин аткарууда жана жүргүнчү поезддерин жана билет сатуучу кассаларды текшерүүдө визит карточкасын алып жүрүү милдеттүү болгон бейдждин формасы жана жүргүнчүлөрдү тейлөө менен байланышкан адамдардын тизмеси
1. Төш белги визиттик карточка түрүндө жасалып, ичинде ээси тууралуу маалымат жана сүрөт жайгашат.
Төш белгинин сол бурчунда сүрөт болот. Ортосунда чоң кара тамга менен ээсинин аты-жөнү, ал эми оң бурчунда анын ээлеген кызматы, төмөн жагында иштеген жери жазылат.
Төш белги төштүн сол жагына тагылат.
ФАМИЛИЯСЫ АТЫ Сүрөт 3*4 АТАСЫНЫН АТЫ, ээлеген кызматы
Иштеген жери |
95 мм
2. Кызматтык милдеттерин аткарууда визиттик карточкаларды тагып жүрүүсү зарыл болгон кызматкерлердин кесиптеринин тизмеси:
- бекет башчысы;
- бекет нөөмөтчүсү;
- Бишкек-2 бекетинин инженер-технологу;
- билет сатуучу кассир;
- сурап-билүү кызматынын кызматкери;
- поезд башчысы;
- вагондун узатуучусу;
- сактоо камерасынын кызматчысы.
тиркеме 4
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар
министрлигинин 2025-жылдын 6-февралындагы
№ 39 буйругуна
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимин кийүү эрежелери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунун кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимин кийүү эрежеси (мындан ары - эреже) форма кийиминин предметтерин кийүү тартибин жана эрежелерин аныктайт.
2. Иши боюнча жүргүнчүлөрдү, жүк жөнөтүүчүлөрдү жана жүк алуучуларды тейлөө, поезддердин кыймылы жана маневр иштери менен түздөн-түз байланышпаган, кызматтык мезгилде классикалык стилдеги жарандык кийим кийүүгө, ал эми салтанаттуу учурларда кызмат орду боюнча айырмалоо белгилери бар ведомстволук кийим формасын кийүүгө уруксат берилген кызматкерлердин айрым категорияларын (бухгалтерлер, экономисттер, юридикалык кызматтардын, кадрдык кызматтын, жалпы бөлүмдүн кызматкерлери ж.б.) кошпогондо, кызматкерлер алар үчүн белгиленген ведомстволук форма кийимин кийүүгө милдеттүү.
3. Форма кийиминин предметтери белгиленген сүрөттөмөлөргө ылайык келиши, туура жабдылышы, таза абалда кармалышы жана тыкан көрүнүшү керек.
4. Ведомстволук форма кийимин башка кийим менен аралаштырууга, ошондой эле эмгек милдеттерин аткарууда ушул буйрукта каралбаган баш кийимдерди, көйнөктөрдү, галстуктарды, бут кийимдерди жана айырмалоочу белгилерди тагынууга тыюу салынат.
5. Кийимдин формасы ушул Эрежелерге ылайык так кийилет. Ушул Эрежелерге ылайык ведомстволук форма кийимди кийүү тартибин бузуу, кызматтык тартипти бузуу болуп саналат.
2. Формалуу кийимди кийүү эрежеси
6. Пилотка оң жагына бир аз жантайтып кийилет, ал эми кулакчындуу тумак, кышкы тери тумак, фуражка - түз, кыйшаюусуз, фуражканын маңдай кыры каштын деңгээлинде болгудай, ал эми кулакчындуу тумактын жана пилотканын төмөнкү кыры каштын үстүндө 2-4 см жогору тургандай кийилет.
7. Күрмө сыдырмасы тартылып жана бардык кнопкалары (топчулары) топчуланып кийилет. Күрмөнү төш чөнтөктөрдүн жогорку четинин деңгээлине чейин сыдырмасын ачып коюп (жогорку кнопкасы ачык же жогорку топчусу топчуланбай) кийүүгө болот, ал эми жаан–чачындуу аба ырайында жакасын көтөрүп алып жүрүүгө уруксат берилет.
8. Китель (пиджак) бардык топчуларга топчуланып, ак, көгүлтүр же зайтун түстөгү, узун жеңдүү көйнөк менен галстук тагып кийилет:
9. Шым багалеги кое берилип, узунунан кыр чыгара үтүктөлүп кийилет.
10. Галстук узун жеңдүү көйнөк менен кийилет, галстук көйнөккө үчүнчү жана төртүнчү топчунун ортосуна кыскыч менен бекитилет.
11. Ведомстволук формалык кийим кийүүдө бут кийим оң абалда жана дайыма таза болушу керек. Ботинкалар, жарым ботинкалар (туфли) тыкан боолуу болушу керек. Үстү эскирген же такасы жешилген бут кийимдерди кийүүгө уруксат берилбейт.
12. Юбка кийүүдө дене түстөгү бир түстүү колготки (байпак) кийүү каралат.