Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
I-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
2024-жылдын 27 декабрындагы № 13
Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
2025-жылдын бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш 2025-жылга Алтын-Арашан айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовдун жана каржы бөлүм башчысы С.Маатказиеванын, Алтын-Арашан жергиликтүү кеӊештин туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Турдумамбетовдун кошумча докладын угуп, талкуулап чыгып Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш токтом кылат:
1. 2025-жылдын Алтын-Арашан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети чыгымдар төмөндөгүдөй бекитилсин
2. Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 40376.6мин сом көлөмүндө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме)
3. Алтын-Арашан айыл өкмөтүнүн жергилктүү бюджеттен 2025-жылга каржылануучу чыгымдардын көлөмү 40376.6 мин сом өлчөмүндө №2 тиркемеге ылайык бекитилсин
4. Алтын-Арашан жергиликтүү бюджеттен каржылануучу эмгек акы фондусуна чектелген көлөмдөрүү 18250.0 мин сом өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин
5. 2024-жылда төлөнбөй калган кырыздарды 2025-жылдын бюджетинен каралган чыгымдардын чегинде төлөө жүргүзүү сунуш кылынсын жана биринчи кезекте эмгек акы, социалдык фондко чегерүүлөргө жана башка корголгон (защищенный) статьяларга, коммуналдык чыгымдарга жумшалсын
6. Алтын-Арашан айыл өкмөтүнө башчысы Э.Кулетовго каралган кирешелерди жана чыгымдарды толук аткарууга багытталган иш чараларды регулярдуу түрдө ишке ашыруу, 2025-жылы бюджеттн каржылоого түшкөн кирешелердин көлөмүндө жүргүзүлөрдү жана биринчи кезектеги эмгек акысын төлөө, социалдык фондко чегерүүлөргө жана жеӊилдиктерге каралган чыгымдарды каржылоо милдеттендирилсин.
7. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин атайын каражаттарын казыналыктан тышкары пайдаланган каражаттар тийешелүү денгээлде бюджеттерге алынышы бекитилсин
8. Долбоорлоду иш ашыруу максатында жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары каржылоочу акча каражатын республикалык бюджеттен максаттуу трансферт катары суралсын
9. Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча жергиликтүү Кенештин туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Турдумамбетовго жүктөлсүн
Төрага А. Токомбаев