Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-январы № 46
Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу боюнча объекттерге мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль), санитардык-эпидемиологиялык экспертиза, иликтөө, текшерүү, изилдөө, сыноо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу максатында, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 12-пунктуна жана 69, 74-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу боюнча объекттерге мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль), санитардык-эпидемиологиялык экспертиза, иликтөө, текшерүү, изилдөө, сыноо жүргүзүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-мартындагы № 74 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө" 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 396 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 674 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-апрелиндеги № 175 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 566 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-апрелиндеги № 170 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында ишке ашырылат.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 04-февралындагы № 8 (3664) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |