Редакцияот 25.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

кеңештин I чакырылышы II сессиясы

2024-жылдын  25-декабры № 2

Чаек айыл аймагынын Четкууганды аймагына Күн нурунан электр энергиясын алуучу станцияларды курууга суралып жаткан жер аянттарын трансформациялоого сунуштоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Чаек айыл аймагынын Четкууганды аймагынан Күн нурунан электр энергиясын алуучу станция курууга 3537,2 гектар жер аянтын бөлүп берүүгө категориясын жайыт багытындагы жер багытынан өзгөртүп “Өнөр жайынын, тарнспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуп пайдаланууга берүү үчүн трансформациядан өткөрүп берүү жагы Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Набиевден суралсын.

 

2. Жер аянттарын трансформациялоо үчүн сунуштоого тиешелүү иш кагаздарын даярдап, бүткөрүп берүү жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

А. Муталиев