Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-январы № 2742-VII
«Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл аймагынын Кара-Сай айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан тоо кыркасынын бийиктиги 4457 метр болгон эң бийик аты жок чокусуна «Бакай-Ата» деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2024-жылдын 20-ноябрындагы чыг. № 19-10462) «Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл аймагынын Кара-Сай айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан тоо кыркасынын бийиктиги 4457 метр болгон эң бийик аты жок чокусуна «Бакай-Ата» деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |