Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
кеңештин I чакырылышы II сессиясы
2024-жылдын 25-декабры № 4
К.Боталиевдин Бештерек айылынын Бозсеки аймагындагы айыл чарба багытындагы жер аянтын трансформациялоого сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чаек айыл аймагынын К.Боталиевдин Бештерек айылынын Бозсеки аймагындагы 0,5 гектар жер аянтын категориясын айыл чарба жана жайыт жер багытындагы жер багытынан өзгөртүп “Өнөр жайынын, тарнспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуп пайдаланууга берүү үчүн трансформациядан өткөрүп берүү жагы Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Набиевден суралсын.
2. Жер аянтын трансформациялоо үчүн сунуштоого тиешелүү иш кагаздарын даярдап, бүткөрүп берүү жагы Чаек айыл аймагынын Бештерек айылынын тургуну К.Боталиевдин өзүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |