Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
кеңештин I чакырылышы II сессиясы
2024-жылдын 25-декабры № 5
Чаек айыл аймагындагы Көк-Ой жана Кызыл-Жылдыз айылына АРИС программасы аркылуу алынган тракторлордун элге кызмат көрсөтүү боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, “Чаек” муниципалдык ишканасынын башчысынын билдирүүсү боюнча Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айыл башчылыгында АРИС аркылуу алынган тракторлордун элге кызмат көрсөтүү боюнча тартифтерин толуктап бекитип берүү боюнча угуп жана талкуулап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. “Чаек” муниципалдык ишканасына АРИС программасы менен келген Кызыл-Жылдыз айылындагы трактор KASUN-1204 2023-жылы Кытай өндүрүшүнөн чыгарылган мамлекеттик номери 05KG959CA тракторунун иштөө тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин.
Жер айдоо 1 гектарга 1700 сом, 30 литр дизелдик май;
Автоунаага кум-топурак жана көмүр отунун жүктөп кызмат көрсөтүүсү:
Камаз – 800 сом, 16 литр күйүүчү май;
Зил – 700 сом, 13 литр май.
2. “Чаек” муниципалдык ишканасына АРИС программасы менен келген Көк-Ой айылындагы трактор KASUN-1204 2024-жылы Кытай өндүрүшүнөн чыгарылган мамлекеттик номери 05KG166CВ тракторунун иштөө тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин.
Чым майдалагыч (почвофреза) – 1 га 2000 сом, 25 литр дизелдик май;
Дары чачкыч (опрыскиватель) – 1 га 1000 сом, 10 литр дизелдик май;
Тележка (прицеп) – чөп, кык тартканы – 700 сом, 7 литр дизелдик май;
Кум (погрузчик) менен жүктөгөнү – камазга 800 сом, 16 литр дизелдик май.
3. Ушул эки трактор тен, келишимдин негизинде бир жылга 36000 (отуз алты миң) сомдон ижара акы төлөө менен ижарага берилсин жана Чаек айыл аймагынын чегинен чыпай иштөөгө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго тапшырылсын.
Төрага | А. Муталиев |