Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
кеңештин I чакырылышы II сессиясы
2024-жылдын 25-декабры № 7
“Эмел-Аква” суусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, “Эмел-Аква” суусу жөнүндө “Чаек” муниципалдык ишканасынын жайыт бөлүмүнүн башчысы Э.Карагуловдун кайрылуусу боюнча угуп жана талкуулап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. “Чаек” муниципалдык ишканасынын жайыт бөлүмүнүн башчысы Э.Карагуловдун кайрылуусу боюнча Бөрүлүү-Булак участкасындагы №1928 контурунда жайгашкан 0,20 га мамлекеттин менчигиндеги айыл чарба багытындагы жайыт жерин башка категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө Чаек айылдык кеңешинин токтому жок, Чаек айыл өкмөтүнун 10-октябрь 2024-жыл №258-буйруктун негизинде Бөрүлүү булак жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик акт китеби жасалып, мамлекеттин менчиги болгон 0,20 га жайыт жери мыйзамсыз муниципалдык жерге өтүп кеткендиктен жана Чаек айылдык кеңешинин трансформациялоого макулдугу болбогондуктан, Бөрүлүү-Булак участкасындагы №1928 контурунда жайгашкан 0,20 га жайыт жери кайра мамлекеттин менчигине кайтарылып, айыл чарба багытындагы жайыт жер бойдон калышы боюнча кайра укук-коргоо органдары мыйзам чегинде текшерип берсин.
2. “Эмел-Аква” суу ишканасы мыйзам чегинде жайытка төлөсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Чаек” муниципалдык ишканасынын жайыт бөлүмүнүн башчысы Э.Карагуловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |