Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
кеңештин I чакырылышы II сессиясы
2024-жылдын 25-декабры № 8
Чаек айыл аймагында жайгашкан Мин-Теке жайлоосуна караштуу жайыттарды корукка алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Чаек айыл аймагында жайгашкан Миң-Теке жайлоосуна караштуу жайыттарды корукка алуу жөнүндө угуп жана талкуулап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чаек айыл аймагында жайгашкан Миң-Теке жайлоосуна караштуу жайыттар такырайып, чөп чыкпай калгандыктан, эс алдыруу үчүн 2025-жылдын апрель айынан баштап 2028-жылдын апрель айына чейин үч жылдык мөөнөткө корукка алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы “Чаек” муниципалдык ишканасынын жайыт бөлүмүнүн башчысы Э.Карагуловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |