Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
кеңештин I чакырылышы II сессиясы
2024-жылдын 25-декабры № 9
“Ынтымак” жана “Ырыс” фермер чарбаларынын жер тилкелерин тактоо боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, “Ынтымак” жана “Ырыс” фермер чарбаларынын жер тилкелерин тактоо боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө угуп жана талкуулап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын 02.11.2024-жылдагы №А-351/2 кайрылуусунун негизинде “Ынтымак” жана “Ырыс” фермер чарбаларынын жер тилкелерин жана муниципалдык мүлкүн тактоо боюнча убактылуу комиссия төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн.
1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-А.Абдилов
2. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси – Ж.Иманова
3. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси – Н.Убайылдаева
4. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн коомдук өкүлү – Э.Кумарбеков
5. Көк-Ой айылынын айыл башчысы – Ж.Токтогонов
6. “Чаек” муниципалдык ишканасынын башкы инженери – Кыргызбаев Нурбек
7.Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты – Кыйбатбек уулу Эркинбек
8. Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты – Э.Мамбетова
9. Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты – В.Кадиева
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |