Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын
2024-жылынын 13-сентябры №2
« Бүргөндү-Достук айыл аймагынын 2025-жылы аткарылуучу капиталдык курулуштарга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратуу жөнүндө»
КРнын ЖӨБ жөнүндөгү мыйзамына ылайык Бүргөндү–Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Социалдык-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Абдышовдун айыл өкмөтүнүн 2025- жылдын бюджетинин долбоору жөнүндөгү билдирүүсү жактырылсын.
2. Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Теңдик айылынын № 57 А.Осмонбеков орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү долбоору приоритеттүү деп табылсын
жана долбоорго акча каражат бөлүү үчүн Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна
сунушталсын.
3. Теңдик айылынын № 57 А.Осмонбеков орто мектебин капиталдык ремонттон
өткөрүү долбооруна 2025-жылы карала турган бюджетинин эсебинен өздүк салым
950,0 (тогуз жүз элүүмиң) сом акча каражты ажыратылып берилсин.
4. Каражатты ажыратып берүү жагы Социалдык экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Н.Абдышовго жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Б.Кубатов |