Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын
2024-жылынын 13-сентябры №3
« Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн аймагындагы № 2206 Шың-Сай шайлоо участкасын № 2263 Теңдик шайлоо участкасына бириктирүү жөнүндө»
Бүргөндү – Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн аймагындагы № 2206 Шың-Сай шайлоо участкасын № 2263 Теңдик шайлоо участкасына бириктирүүгө макулдук берүү жөнүндөгү кайрылуу сунушун угуп жана талкуулап, Бүргөндү–Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү – Достук айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусу жана айыл башчылардын маалыматтары эске алынсын.
2. Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн аймагындагы № 2206 Шың-Сай шайлоо участкасын № 2263 Теңдик шайлоо участкасына бириктирүүгө макулдук берилсин.
3. Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн аймагындагы № 2206 Шың-Сай шайлоо участкасын № 2263 Теңдик шайлоо участкасына бириктирүү боюнча сунуш Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн орун басар – жооптуу катчысы Б.Абдураимовага жүктөлсүн.
5.Көзөмөлдөө укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Толубаевге милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Б.Кубатов |