Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
кеңештин I чакырылышы II сессиясы
2024-жылдын 25-декабры № 10
Нарын облустук Тенир тоо өнүктүрүү фондунан жана Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоолорго макулдук берүү жөнүндө
Нарын облустук Тенир тоо өнүктүрүү фондунан жана Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоолорго макулдук берүү жөнүндө угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Нарын облустук Тенир тоо өнүктүрүү фондунан Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоолорго
1) Кызыл-Жылдыз айылындагы Чолок-Терек өрөөнүнө насос менен суу тартуу;
2) Чаек айыл аймагынын Актатыр айылындагы “16” –жаңы конушундагы сейилбакты реконструкциялоо жөнүндө;
3) Чаек айыл аймагынын “Автобаза” чөлкөмүнө балдар аянтчасын жана воркаут куруу;
4) Чаек айыл аймагынын Кичи-Арал айылындагы бала бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү;
5) Көк-Ой айылындагы “Күн желеси” бала бакчасына кошумча корпус куруу;
6) Көк-Ой айылындагы паркты реконструкциялоо;
7) Шортон айылына футзал салуу;
8) “Чаек” муниципалдык ишканасына атайын техникаларды алуу;
9) Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясынын тегерек-четин тосуу;
10) Ш.Исабекова атындагы паркына кошумча ремонт иштерин өткөрүү;
11) Көк-Ойго хоккей борту;
12) Чукур айылына воркаут куруу;
13) Кутмандын үйүнөн башталып Аксекиге чейин кеткен канал, анан жанагы Рахматалынын үйүнүн жанынан өткөн каналдарды (Чукур-Аксеки №1, Чукур-Аксеки №2 каналдарын) реконструкциялоо;
14) Топбазага электрондук весь;
15) Кызыл-Жылдыз айылындагы хоккей бортун көчүрүү;
16) Кызыл-Жылдыз айылындагы ФАП тын тегеретесин тосуу;
17) Аксеки аймагына жабык тренажердук зал;
18) Спортзал Кызыл-Жылдызга балдар аянтчасына;
19) Көк-Ой айылынын Көл-Арык участкасына лоток куруу долбоору сунушталсын.
20) “Чаек” муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу атайын техника алуу долбоору;
21) Арал-Кичи Арал каттамына мектеп окуучуларын тартканга машруттук унаа сатып алуу долбоору;
22) Ш.Айылчиев көчөсүндөгү каналды куруу долбоору;
23) Шортон айылындагы Май-Коктудан түшкөн кыян өтүүчү каналды куруу долбоору;
2. Жогоруда сунушталган долбоорлордун өздүк салымы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылансын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |