Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
кеңештин I чакырылышы II сессиясы
2024-жылдын 25-декабры № 12
Чаек айыл аймагындагы жайыттар жана жайыттын башка максаттагы маселелери боюнча “Чаек” муниципалдык ишканасынын жайыт бөлүмүнүн башчысы колун бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Чаек айыл аймагындагы жайыттар жана жайыттын башка максаттагы маселелери боюнча “Чаек” муниципалдык ишканасынын жайыт бөлүмүнүн башчысынын колун бекитип берүү жөнүндө угуп жана талкуулап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чаек айыл аймагындагы жайыттар жана жайыттын башка максаттагы маселелери боюнча кол коюу үчүн “Чаек” муниципалдык ишканасынын жайыт бөлүмүнүн башчысы Э.Карагуловдун колун бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы “Чаек” муниципалдык ишканасынын башчысы З.Моношовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |