Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 4-февралы № 57
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 64-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарда:
- 4, 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жалпы өнүктүрүү багытындагы МУда балдардын курактык топторунун саны жана катышы алардын чектүү толушуна жараша аныкталат:
ясли курагындагылар үчүн:
- 1 жаштан 3 жашка чейинки курактагы балдар үчүн топтор - 25 балага чейин;
- топто эки курактагы (1 жаштан 3 жашка чейин) балдар болсо - 20 баладан ашык эмес;
3 жаштан жана андан жогору мектепке чейинки курактагылар үчүн - 30 баладан ашык эмес:
- топто ар кандай эки курактагы (3-6 жаштагы) балдар болсо - 25 баладан ашык эмес;
- мектепке чейинки вариативдүү билим берүү уюмдарынын топтору ар кандай курактагы балдар менен толукталышы мүмкүн. Ошол эле учурда ар кандай курактагы топтун толушу 25 баладан ашпайт.
5. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн адистештирилген бала бакчада балдардын курактык топторунун саны жана катышы балдардын категориясына жана алардын курагына жараша белгиленет. 2 жаштан 6 жашка чейинки курактагы балдар үчүн топтордун чектик толушу тиешелүү түрдө төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:
- сүйлөө жөндөмү бузулган балдар үчүн - 16 баладан;
- фонетика-фонематикалык сүйлөө бузулуулары бар 3 жаштан жогору курактагы гана балдар үчүн - 20 баладан;
- дүлөй балдар үчүн - 6 баладан;
- угуусу начар балдар үчүн - 10 баладан;
- көзү азиз балдар үчүн - 6 баладан;
- көрүүсү начар балдар, амблиопиясы бар, көзү чалыр балдар үчүн - 10 баладан;
- таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуулары бар балдар үчүн - 8 баладан;
- психикалык өнүгүүсү кечеңдеген балдар үчүн - 12 баладан;
- жеңил даражадагы акыл-эс бузулуулары бар балдар үчүн - 12 баладан;
- орточо, оор даражадагы акыл-эс бузулуулары бар, 3 жаштан жогору курактагы гана балдар үчүн - 8 баладан;
- аутизми бар 3 жаштан жогору курактагы гана балдар үчүн - 5 баладан;
- оор деффекти бар (дене бой жана/же психикалык өнүгүүсүндө 2 же андан ашык кемчиликтин айкалышы бар) балдар үчүн - эки курактагы топ үчүн 5 баладан;
- ден соолугунун башка мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн - 15 баладан;
- ден соолугунун башка мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар, анын ичинде кургак учук интоксикациясы бар балдар үчүн - 15 баладан.";
- 38-пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 501-пункт менен толукталсын:
"501. МУнун жаңыдан курулуп жана реконструкцияланып жаткан имараттарындагы топтук ячейкалардын курамына төмөнкүлөр кирет:
- гардероб бөлмөсү (балдарды кабыл алуу жана сырткы кийимдерди сактоо үчүн);
- топтук (оюндарды, сабактарды өткөрүү жана тамактануу үчүн, мында топтук ячейкаларды уктоочу жай менен бириктирүүгө жол берилет. Топтук бүктөлүүчү, жайылуучу жана/же суурма керебеттер, уктоочу жабдуулардын башка жеңилдетилген түрлөрү жана эмерек менен жабдылышы керек);
- буфет (даяр тамактарды таратып берүүгө даярдоо жана ашкана идиш-аяктарын жуу үчүн);
- даараткана (жуунучу бөлмө менен айкалышкан).
МУнун жаңыдан курулуп жана реконструкцияланып жаткан имараттарындагы топтук ячейкалардын жайларынын аянттары 11-таблицада келтирилген.";
- 51-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 11-таблица менен толукталсын:
"11-таблица
МУнун жаңыдан курулуп жана реконструкцияланып жаткан имараттарындагы топтук ячейкалардын жайларынын аянттары
Жайлардын аталышы | Жайлардын аянты (м2) |
Кийинип-чечинүүчү жай | 18 кем эмес |
Топтук (оюндар, сабактар жана тамактануу үчүн) | Ясли топторундагы 1 балага - 2-2,5 кем эмес; мектепке чейинки топтордогу эмеректи жана анын жайгашуусун эске албаганда 1 балага - 2,0 кем эмес |
Буфет | 3,0дөн кем эмес |
Даараткана | Мектепке чейинки топтор үчүн - 16 кем эмес жана ясли топтору үчүн - 12 кем эмес |
";
- 112-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"112. МУнун жаңыдан курулуп жана реконструкцияланып жаткан топтук жайлары орнотулган, бүктөлүүчү, жайылуучу жана/же суурма керебеттер менен жабдылышы мүмкүн. Топтук жайлар ушул санитардык эрежелердин 501-пунктунда көрсөтүлгөн максаттар үчүн пайдаланылат.";
- 118-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"118. Иштеп жаткан МУда долбоор боюнча уктоочу жайлар жок болсо, топтордо мектепке чейинки топтордогу балдардын күндүзгү уктоосун бүктөлмө катуу керебеттерде же трансформациялануучу (тартылуучу, суурма) бир-үч деңгээлдүү керебеттерде уюштурууга жол берилет.
Үстүнкү бетинде жөнгө салынуучу температуралык режими бар жылуу жана (же) жылытылган полдордо футондорду жана матрацтарды колдонууга жол берилет.";
- 121-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"121. Эгерде уктоочу жай бүктөлүүчү, жайылуучу жана/же суурма керебеттер, уктоочу жабдуулардын башка жеңилдетилген түрлөрү жана эмерек менен жабдылса, иштеп жаткан МУда уктоочу жайлар уйкудан бош убакта оюндарды, сабактарды өткөрүү жана тамактанууну үчүн пайдаланылышы мүмкүн. Ошол эле учурда желдетүү жана нымдуу тазалоо режими так сакталышы керек.";
- 137-пункт "уктоочу жайлардагы" деген сөздөрдөн кийин "(бар болсо)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 209-пункттун 11-таблицасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-таблица
Балдардын кыска мөөнөттө болуусу менен топтук жайлардын аянты
Жайлардын аталышы | Жайлардын аянты (м2) |
Топтук (оюндар, сабактар жана тамактануу үчүн) | Эмеректи жана анын жайгашуусун эске албаганда ясли топторундагы 1 балага 2,0-2,5 кем эмес, мектепке чейинки топтордогу 1 балага 1,8-2,0 кем эмес |
Жуунуучу жай | Мектепке чейинки кенже курактагы балдар үчүн жуунгучтарды орнотуунун бийиктиги полдон прибордун бортуна чейин 0,4 м болгон 1 раковина (балдардын курагына жараша) жана мектепке чейинки орто жана улуу курактагы балдар үчүн жуунгучтарды орнотуунун бийиктиги полдон прибордун бортуна чейин 0,5 м болгон 1 раковина эсебинде муздак жана ысык суу тартылган жуунуучу раковиналар |
Даараткана | Балдардын унитазын орнотуу менен кеминде 2 (балдар үчүн 1, кыздар үчүн 1) кабинаны жабдуу зарыл |
";
- 312-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"312. Уктоочу бөлмөлөрдө нымдуу тазалоо (бар болсо) күндүзгү уктагандан кийин, топтук бөлмөлөрдө - ар бир тамактануудан кийин жүргүзүлөт.";
- 331-пункт "уктоочу бөлмөлөрдө" деген сөздөрдөн кийин "(бар болсо)" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 07-февралындагы № 9 (3665) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |