Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
кеңештин I чакырылышы II сессиясы
2024-жылдын 25-декабры № 13
“Чаек” муниципалдык ишканасынын З.Моношовдун кайрылуусу боюнча Көк-Ой айылындагы жаңы келген кичи автобустун жана эски кичи автобустун каттамын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, “Чаек” муниципалдык ишканасынын З.Моношовдун кайрылуусу боюнча Көк-Ой айылындагы жаңы келген кичи автобустун жана эски кичи автобустун каттамын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө угуп жана талкуулап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Ой айылындагы Турусбек уулу Султан атындагы орто мектебине Кичи-Арал айылынан окуучуларды ташып келүү үчүн жаңы келген кичи авобуска бир күндө төрт жолу каттам жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Көк-Ой айылынын окуучуларын ташыган эски кичи автобусту Арал айылынан Чаек айылына чейин жүргүнчүлөрдү ташып элге кызмат кылуу максатында жана Арал, Көк-Ой, Кызыл-Жылдыз айылдарынан Чаек айылына келип, кетип окуган окуучуларды ташуу максатында (местный автобус катарында) төмөндөгүдөй график менен бир күндө үч жолу каттам жүргүзүүгө макулдук берилсин.
Кичи автобустун графиги:
Арал 7.30-Көк-Ой 7.45-Кызыл-Жылдыз 8.00-Бештерек 8.10 Бештерек-Чаек8.25;
Чаек12.30 –Бештерек 12.45 Бештерек12.50-Арал 13.30;
Арал 13.30 – Көк-Ой 13.50;
Көк-Ой 16.30 – Чаек 16.50;
Чаек 18.00 – Арал 18.30.
Келишимдин негизинде бул эски кичи автобустун айдоочусу айлык акысын, күйүүчү майын жана запастык бөлүктөрүн өзүнүн эсебинен каржылайт, ушуга байланыштуу Арал – Чаек каттамы чоң кишилер үчүн -60 сом, окуучулар үчүн -40 сом, Көк-Ой – Чаек чоң кишилер үчүн -40 сом, окуучлар үчүн -20 сом, Кызыл-Жылдыз – Чаек чоң кишилер үчүн 20 сом, окуучулар үчүн 10 сом тариф менен каттоого макулдук берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин
Төрага | А. Муталиев |