Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын

 

2024-жылынын 13-сентябры №4

 

«Бүргөндү-Достук айыл аймагынын 2025-жылы аткарылуучу капиталдык курулуштарга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратуу жөнүндө»

         

КРнын ЖӨБ жөнүндөгү мыйзамына ылайык Бүргөндү–Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

          1.Социалдык-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Абдышовдун айыл өкмөтүнүн 2025- жылдын бюджетинин долбоору жөнүндөгү билдирүүсү жактырылсын.

 

2.Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Шамалды-Сай айылынын Кормацех көчөсүнө асфальт төшөө долбоору приоритеттүү деп табылсын жана долбоорго акча

каражат бөлүү үчүн Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.

 

           3.Шамалды-Сай айылынын Кормацех көчөсүнө асфальт төшөө долбооруна 2025-жылы карала турган бюджетинин эсебинен өздүк салым 1 600,0 (бир миллион алты жүз миң) сом акча каражты ажыратылып берилсин.

 

           4.Каражатты ажыратып берүү жагы Социалдык экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Н.Абдышовго жүктөлсүн.

       

          5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

                               Б.Кубатов