Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-январы № 1/10
Күнтуу айылдык кеңешинин 2025-жылга иш – планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 6-декабрынын №01-25/329 буйругунун негизинде бекитилген усулдук колдонмого ылайык, Күнтуу айылдык кеңешинин 2025-жылдын иш-планын бекитүү жөнүндө талкуулап, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Күнтуу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айылдык кеңешинин иштелип чыккан 2025-жылдын иш-планы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен №1 тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Айылдык Кенештин иши бекитилген иш-планга ылайык жүргүзүлсүн;
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |