Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН
III–СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 23- январындагы №4
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонду менен күрөө келишимин түзүүгө белгиленген тартипте макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июлдагы № 237-р токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Балыкчы шаардык «Cуу түтүкчөлөр» муниципалдык ишканасынын ортосундагы 2018-жылдын 9-августунда субкредиттик №19-04-01/47 келишимдин негизинде алынган алты техникалык автотранспортторду күрөөгө коюуга келишим түзүүгө макулдук берүү боюнча Балыкчы шаарынын мэриясынын 2024-жылын 11-декабрындагы № 01-13/1180 кайрылуусун карап, талкуулап Балыкчы шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд тарабынан алты автотранспорт боюнча жиберилген күрөө келишимин түзүүгө белгиленген тартипте макулдук берилсин.
2. Балыкчы шаарынын мэриясына, Балыкчы «Суу түтүкчөлөр» муниципалдык ишканасы тарабынан бюджеттик кредиттин максаттуу жана натыйжалуу пайдаланышын жана субкредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык өз убагында кайтарылышын көзөмөлдөө жагы тапшырылсын.
3. Балыкчы шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына жана шаардын мэри Арнабек уулу Азаматка тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев