Редакцияот 23.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

БАЛЫКЧЫ    ШААРДЫК   КЕҢЕШИНИН  

XXIХ  ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  

III–СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 23- январындагы №5

 

Балыкчы шаары боюнча муниципалдык менчиктеги мүлктү эсептен

чыгаруу жөнүндөгү Жобону бекитип берүү жөнүндө

 

        Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан 2023-жылдын 27-декабрындагы №358 буйругу менен бекитилген “Муниципалдык менчиктеги мүлктү эсептен чыгаруу жөнүндөгү Жобону бекитип берүү боюнча,  Балыкчы   шаарынын  мэриясынын 16.12.2024ж.. № 01-13/1318 кайрылуусун жана  муниципалдык  менчик, курулуш, архитектура,  коммуналдык чарба, өнөр  жай, транспорт  жана ишкердикти  өнүктүрүү    боюнча  депутаттык туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап,   шаардык  Кеңештин кезектеги  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Балыкчы шаары боюнча муниципалдык менчиктеги мүлктү эсептен чыгаруу жөнүндөгү Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Муниципалдык менчикте турган мүлктү эсептен чыгарууну Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана бекитилген жобого ылайык жүргүзүү жагы ММБ тапшырылсын.

 

  1. Бул токтом  кабыл алынгандыгына  байланыштуу  шаардык Кенештин 2021-жылдын 16-март айындагы ХХXIII сессиясынын  “Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жана транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө” №8/3 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

  1. Балыкчы  шаардык Кеңешинин мамлекеттик  тилде кабыл алынган  тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик  укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция  башкармалыгына жиберилсин.

 5. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, муниципалдык  менчик, курулуш, архитектура,  коммуналдык  чарба, өнөр жай, транспорт  жана  ишкердикти өнүктүрүү    боюнча  депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын

 

Кеңештин төрагасы                                                                   Д.Ж.Аманалиев