Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН
III–СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 23- январындагы №6
Балыкчы шаарындагы “Автобекетти” мамлекеттик менчиктен Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-,39-беренелерин жетекчиликке алып, Балыкчы шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 11-декабрындагы №01-13/1191 кайрылуусун жана курулуш, архитектура, муниципалдык менчик, коммуналдык чарба, өнөр жай жана транспорт, ишкерликти өнүктүрүү боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарындагы Ж.Абдрахманов көчөсү №17 дарегинде жайгашкан идентификациялык коду: 2-07-02-0008-0163 турак жай эмес 16710,0 чарчы метр жер тилкеси жана мүлк комплекси менен Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына:
аталган обьектини муниципалдык менчикке өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.
3. Балыкчы шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.
5. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, архитектура, муниципалдык менчик коммуналдык чарба жана өнөр жай транспорт, ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев