Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН
III–СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 23- январындагы №7
Балыкчы шаарында 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө аткарылышына жана ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча отчёту жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 19.12.2024ж. № 01-11/257 кат менен келген Балыкчы шаарында 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча отчётунун негизинде экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын сунушуна ылайык карап, талкуулап, шаардык Кенештин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
Аудиттик текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берген айрым кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карап, тийиштүү административдик чара көрүү жагы Балыкчы шаарынын мэри Арнабек уулу Азаматка сунушталынсын.
Жергиликтүү бюджетти түзүүдө жана аткарылышында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол бербөө максатында бирдиктүү иш чараларды жүргүзүү менен көзөмөлгө алуу милдеттендирилсин.
Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев