Загрузка документа…
ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 1 – сессиясы
2024-жылдын 28-ноябрындагы № 1-1
Жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 2024жылдын 28-ноябрындагы №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.
2. Кыштобаев Артыкбек Шаршенбаевич Жергиликтүү кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
4.Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын
реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ж.Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин 21.02.2024 -жылдын №28/1-5 - токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрагалык кылуучу Т.Савданбеков