Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын
2024-жылынын 13-сентябры №7
«Бүргөндү-Достук айыл аймагынын 2025-жылы аткарылуучу капиталдык курулуштарга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратуу жөнүндө»
КРнын ЖӨБ жөнүндөгү мыйзамына ылайык Бүргөндү–Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Социалдык-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Абдышовдун айыл өкмөтүнүн 2025- жылдын бюджетинин долбоору жөнүндөгү билдирүүсү жактырылсын.
2.Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын Жанай-Сай көчөсүнө асфальт төшөө долбоору приоритеттүү деп табылсын жана үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоо сунушталсын.
3.Жаңы-Арык айылынын Жанай-Сай көчөсүнө асфальт төшөө долбооруна 2025-жылы карала турган бюджетинин эсебинен өздүк салым 3 500,0 (үч миллион беш жүз миң) сом, жергиликтүү тургундардан элдик салым 319 000,0 (үч жүз он тогуз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
4.Каражатты ажыратып берүү жагы Социалдык экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Н.Абдышовго жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Б.Кубатов |