Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын
2024-жылынын 13-сентябры №8
«Бүргөндү-Достук айыл аймагынын 2025-жылы аткарылуучу капиталдык курулуштарга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратуу жөнүндө»
КРнын ЖӨБ жөнүндөгү мыйзамына ылайык Бүргөндү–Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Социалдык-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Абдышовдун айыл өкмөтүнүн 2025- жылдын бюджетинин долбоору жөнүндөгү билдирүүсү жактырылсын.
2.Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Ношкен айылынын № 20 Матмуса орто мектебинин чатырын алмаштыруу жана жылытуу системасын жаңылоо долбоору приоритеттүү деп табылсын жана долбоорго акча каражат бөлүү үчүн Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
3.Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Ношкен айылынын № 20 Матмуса орто мектебинин чатырын алмаштыруу жана жылытуу системасын жаңылоо долбооруна 2025-жылы карала турган бюджетинин эсебинен өздүк салым 2 642 437,0 (эки миллион алты жүз кырк эки мин төрт жүз отуз жети) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
4.Каражатты ажыратып берүү жагы Социалдык экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Н.Абдышовго жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Б.Кубатов |