Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 15-ноябры № 1688/1
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 1668/1 "Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамынын 9 жана 13-беренелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомун аткаруу максатында буйрук кыламын:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 1668/1 "Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын бекитүү жөнүндө" буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
"41. Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмү (Б.М.Мураталиева) Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларына ылайык жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий "Эркин Too" гезитине жарыялоо үчүн акча каражатын төлөп берүүнү камсыз кылсын.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 42-пункт менен толукталсын:
"42. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларды жарыялоо булагын көрсөтүү менен кагаздар жана электрондук сактагычтарда буйруктун көчүрмөлөрү мамлекеттик жана расмий тилдерде жиберилсин.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 61-пункт менен толукталсын:
"61. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күндүн ичинде күчүнө кирет.".
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 13-декабрындагы № 96 (3651) саны менен жарыяланды.
Министр |
| Д.Ш. Кендирбаева |