Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын
2024-жылынын 13-сентябры №8
«Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн Курама айылынын көчөсүнө Абдихаликов Абдумаликтин ысымын ыйгаруу жөнүндө»
Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Курама айылындагы аты жок көчөгө Абдихаликов Абдумаликтин ысымын ыйгаруу жөнүндө ошол көчөнүн тургундарынын кайрылуусун, аталган атуул согуш ардагери экендиги жана ошол аймактагы мектепте мугалим болуп эмгектенип ошол учурдагы бригадир, гидротехник ж.б. кызматтарды аркалап эмгектенип өткөндүгү ошондой эле Курама айылынын тургундарынын макулдук берип өткөргөн жыйындын протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008–жылдын 19–августундагы № 467 Токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021–жылдын 29–декабрындагы № 353 Токтомуна ылайык Бүргөндү–Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү-Достук айыл өкмөт үнүн Курама айылынын тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Маркум Абдихаликов Абдумаликтин ысымы өзү жашап өткөн Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Курама айылынын аты жок көчөсүнө ыйгарылсын.
3.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер боюнча башкы адисине жүктөлсүн.
4.Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Толубаевге милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Б.Кубатов |