Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын
2024-жылынын 13-сентябры №10
«Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн Теңдик айылынын көчөсүнө
Каюмов Турсунбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө»
Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Теңдик айылындагы аты жок көчөгө Каюмов Турсунбайдын ысымын ыйгаруу боюнча ошол көчөнүн тургундарынын кайрылуусун, аталган атуул ошол аймактагы мектепте өмүр боюу мугалим болуп эмгектенип өткөндүгү ошондой эле Теңдик айылынын тургундарынын макулдук берип өткөргөн жыйындын протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008–жылдын 19–августундагы № 467 Токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021–жылдын 29–декабрындагы № 353 Токтомуна ылайык Бүргөндү–Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Теңдик айылынын тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Маркум Каюмов Турсунбайдын ысымы өзү жашап өткөн Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Теңдик айылынын аты жок көчөсүнө ыйгарылсын.
3.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер боюнча башкы адисине жүктөлсүн.
4.Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Толубаевге милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Б.Кубатов |