Загрузка документа…
ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 1 - сессиясы
2024-жылдын 28-ноябрындагы № 1-3
Ж.Абдрахманов айыл аймагынын Элдик Курултайын ѳткѳрүүнү уюштуруу жѳнүндѳ
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Элдик Курултайды чакыруу жѳнүндѳ” №271 Жарлыгына жана Элдик Курултайга Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынан жана шаарлардан делегаттарды шайлоо боюнча аткарылуучу аракеттердин НУСКАМАСЫНА ылайык маселени карап, талкуулап чыгып Ж.Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:
1. Ж.Абдрахманов айыл аймагынын Элдик Курултайы 2024-жылдын 7-декабрына саат 10-00 гѳ чакырылсын.
2. Ж.Абдрахманов айыл аймагынын Элдик Курултайынын курамы калктын санына ылайык 100 делегаттан турары белгиленсин.
3. Ж.Абдрахманов айыл аймагынын Элдик Курултайын уюштуруу жана ѳткѳрүү боюнча жумушчу топтун курамы 9 адамдан бекитилсин
(№1-тиркеме)
4. Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 4-декабрдан 5-декабрга чейин графикке ылайык ѳткѳрүлсүн
(№2-тиркеме)
5. Ж.Абдрахманов айыл аймагынын Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү 2024-жылдын 4-декабрдан 5-декабрга чейин белгиленсин (№3 тиркемеге ылайык).
6.Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү 2024-жылдын 7-декабры деп белгиленсин ( № 4 тиркемеге ылайык).
7.Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл башчыларга, жана жумушчу топко 3-декабрдан 4-декабрга элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү, уюштуруу жагы милдеттендирилсин.
8.Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
9. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын
реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ж.Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин 21.02.2024 -жылдын №28/1-5 - токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын
Төрага А.Ш.Кыштобаев