Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын
2024-жылынын 13-сентябры №12
«Бүргөндү-Достук айыл аймагынын Ношкен айылынын Кайырма участкасында жайгашкан 1,0 га жер аянтын ижара эсебинде пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө»
Бүргөндү-Достук айыл аймагынын Ношкен айылынын Кайырма участкасында жайгашкан айыл чарбасына жараксыз жерден ижара эсебинде көп жылдык мөөнөткө бак тигүү жана жеңил конструкцияда курулуш куруу менен тойлорду тосо турган кичи аллея курууга 1,0 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү Ношкен айылынын тургуну Кочкоров Адилеттин кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ношкен айылынын тургуну Кочкоров Адилеттин кайрылуусу эске алынсын.
2.Бүргөндү-Достук айыл аймагынын Ношкен айылынын Кайырма участкасында жайгашкан айыл чарбасына жараксыз жерден ижара эсебинде көп жылдык мөөнөткө бак тигүү жана жеңил конструкцияда курулуш куруу менен тойлорду тосо турган кичи аллея курууга 1,0 га жер аянтын конкурс аркылуу берүүгө макулдук берилсин.
3.Суралган 1,0 га жер тилкесин конкурс аркылуу ижарага берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябры № 571 Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Мыйзамына ылайык юридикалык иш кагаздарынын аткарылышын камсыз кылуу жагы муниципалдык менчиктеги жер аянтын сатуу же ижаралоо максатында атайын түзүлгөн комиссияга жана айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Б.Кубатов |