ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК
КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыш кезексиз отуз экинчи сессиясы
2023-жылдын 30-ноябры № 105
Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн 2024-2028-жылдарга карата түзүлгөн стратегиялык планынын болжоолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин кезексиз отуз экинчи сессиясына сунушталган маселелерди талкуулап чыгып, Исхак-Полотхан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн 2024-2028-жылдарга карата түзүлгөн стратегиялык планынын болжоолдуу долбоору бекитилсин.
2. Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн 2024-2028-жылдарга карата түзүлгөн стратегиялык планынын болжоолдуу долбоорун ишке ашыруу боюнча иш алып баруу Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин жагы бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы О.Шакировго милдеттендирилсин.
Төрага | Кожонов З.Ы. |