Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК
КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 7-декабры № 121
Таян-Сай айланма авто жолун куруу үчүн жер аянтын которууга (трансформациялоо ) макулдук берүү жѳнүндѳ
Кыштут айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Эркебаевтин жана айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси А.Жусубалиевтин баяндамасын угуп жана кеңири талкуулап, Кыштут айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексизXXVII сессиясы
Токтом кылат:
1. Кыштут айыл аймагына караштуу Таян-Сайайланма авто жолун куруу үчүн № 746 № 824, №890, №891, №886, №882 ,№877, №878, № 864/, №2445, №1349, №1352 контурларындагы жалпы аянты коргоо зонасы менен 12.24 га жер аянты айыл чарбасынын жерлери категориясынан ѳнѳр жайынын , транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткаруу жагы Кыштут айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Суйунов |