Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын
2024-жылынын 13-сентябры №14
«Бүргөндү-Достук айыл аймагынын Шамалды-Сай айылындагы эски № 26 мектептин пайдалануу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Бүргөндү-Достук айыл аймагынын Шамалды-Сай айылындагы эски № 26 мектептин пайдалануу багытын жарандар эс алуучу бак куруу үчүн өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун сунушун угуп жана талкуулап Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун сунушу эске алынсын.
2.Бүргөндү-Достук айыл аймагынын Шамалды-Сай айылындагы эски № 26 мектептин пайдалануу багыты жарандар эс алуучу бак куруу сейил бак катары өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу жагы жер боюнча башкы адисине жана айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Б.Кубатов |