Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын
2024-жылынын 13-сентябры №15
«Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн Теңдик айылындагы жаңы курулган үй бүлөөлүк даарыгерлер тобуна Уразова Арзыкандын ысымын ыйгаруу жөнүндө»
Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Теңдик айылындагы жаңы курулган үй бүлөөлүк даарыгерлер тобуна Уразова Арзыкандын ысымын ыйгаруу боюнча ошол аймактагы үй бүлөөлүк даарыгерлер тобунда өмүр боюу эмгектенип өткөндүгү ошондой эле Теңдик айылынын тургундарынын макулдуктарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008–жылдын 19–августундагы № 467 Токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021–жылдын 29–декабрындагы № 353 Токтомуна ылайык Бүргөндү–Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Теңдик айылынын тургуну Уразова Арзыкандын кайрылуусу эске алынсын.
2.Уразова Арзыкандын ысымы Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Теңдик айылындагы жаңы курулган үй бүлөөлүк даарыгерлер тобуна ыйгарылсын.
3.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер боюнча башкы адисине жүктөлсүн.
4.Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Толубаевге милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Б.Кубатов |