Загрузка документа…
ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 2- сессиясы
2024-жылдын 16-декабрындагы № 2-2
Туруктуу комиссияларды бекитүү
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 2- сессиясында туруктуу комиссиялардын курамын карап жана талкуулап, Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
1. Туруктуу комиссиялар төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:
1- Бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия
- Джанагулова Зарина Джолдошбековна – төрайым
- Савданбеков Турдумамбет Джампеишович – орун басары
- Көчөрбаев Мэлс
- Кайкиева Бактыгул Бейшенбаевна
- Байтемирова Насипа Ашубековна
2- Транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, отун энергетика, туризм, курортту өнүктөрүү, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия
- Корчиева Дамара Ибрагимовна – төрайым
- Усубакунов Алтын Камчыбекович – орун басары
- Таабалдиев Урмат Төлөбайевич
- Бактыбеков Аскат Бактыбекович
- Курманбеков Абдулазиз Курманбекович
3 - Маданият, саламаттыкты сактоо, билим берүү, калкты социалдык жактан коргоо, санитардык-ветеринардык коопсуздук, эмгек миграция жана дин маселеси менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссия
- Усенбаева Нургуль Жекшембиевна- төрайым
- Халиалдаева Гулниза Мегматовна – орун басары
- Тынаева Канымкул Урбековна
- Сулайманова Кайыркул Шакировна
- Дюшебекова Жылдыз Аскербековна
4-Депутаттык иш, мыйзамдуулук, укук бузуу менен күрөшүү, мыйзамды сактоо, аскердик тарбия, спорт, өзгөчө кырдаал боюнча, коомдук бирикмелер менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссиясы
- Шабданова Зинаида Есеновна - - төрайым
- Рыскелдиев Курманбек Рыскелдиевич – орун басары
- Есенаманова Айжан Муслимовна
- Кадыралиев Куттубек Талантович
- Эсенов Элдияр Шаршенбекович
2. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев