Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-январы № 1/11
Күнтуу айылдык кеңешинин 2025-жылга Этика Кодексин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 6-декабрынын №01-25/328 буйругунун негизинде Күнтуу айылдык кеңешинин депутаттарынын Этика Кодексин бекитүү жөнүндө талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 8-1 -беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Күнтуу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айылдык кеңешинин депутаттарынын Этика Кодекси бекитилсин;
2. Айылдык Кенештин иши Этика Кодексине ылайык жүргүзүлсүн;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, регламент, депутаттык этика, жаштар, спорт, мандат жана жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |