Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-январы № 1/9
Күнтуу айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 6-декабрынын №01-25/330 буйругунун негизинде Күнтуу айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө жана уюштуруу-укуктук негиздерин жана алардын ишин талкуулап, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, Күнтуу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айылдык кеңешинин иштелип чыккан иш Регламенти өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин;
2. Айылдык Кенештин иши бекитилген Регламентке ылайык жүргүзүлсүн;
3. 2024-жылдын 31-майындагы Күнтуу айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө №5/22 токтому күчүн жоготту деп табылсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, регламент, депутаттык этика, жаштар, спорт, мандат жана жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |