ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 2- сессиясы
2024-жылдын 16-декабрындагы № 2-7
“Жусуп Абдрахманов” атындагы музейди Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байгазаковдун маалыматын, сунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
- Жаркынбаев айылынын Абдрахманов №83 дарегиндеги “Жусуп Абдрахманов” атындагы музейи Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилсин.
- Мыйзамга ылайык бардык тиешелүү иш –кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байгазаковко милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев